Алайда 5 баллдык жер титирөө катталды, жабыркагандар жок

Ош облусундагы Алай районунун аймагында күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

Сейсмология институтунунан билдиришкендей, 26-декабрь күнү Алай районунда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүү болжол менен түнкү саат 03:02де болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Алай районунун Бор-Дөбө, Нура, Икизяк жана Иркештам айылдарында силкинүү күчү 4 баллга жеткен.

Районго жакын жайгашкан Кара-Киндик айылында 3,5 балл болсо, Арча-Булак менен Сары-Таш айылдарында 3 баллдык титирөө катталган.

Жаратылыш кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.


ТЕМА БОЮНЧА: