Бишкек: Эки жаңы конушта абанын зыяндуулугу ченемден ашып кеткен

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттик «Ак Өргө», «Ак Ордо» жана Ахунбаев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги абанын пробасын алышкан. Эксперттер диоксид азот 3,4 эсе, ал эми оксид азот 1,1 эсе ченемден ашып кеткенин аныкташкан.

Текшерүүдөн кийин аталган мекеменин кызматкерлери шаардын бардык конуштарынын абасынын пробасын алууну пландап жатышат. Агенттиктин эксперттери өнөр-жайдын абага чыгындылары бардык булгоочу заттардын болгону 10 пайызын гана түзөт деп эсептешет.

«Дээрлик 90 пайызы автотранспорттон түшүүдө. Автоунаалардын иштетилген газдарында айлана-чөйрөгө чыгып жаткан абаны булгоочу органикалык кошулмалардын 60 пайыздан ашууну катталган», — деп айтылат мамагенттиктин маалыматында.

Мамагенттиктин кызматкерлери шаарда абанын сапатын жакшыртуу боюнча план даярдашты. Алар маршруттук таксилердин санын азайтып, аларды газ менен жүргөн автобустарга жана троллейбустарга алмаштырышмакчы.

Бишкекте кошумча троллейбус чубалгаларын өткөрүп, автобус паркын жаңыртуу пландалууда.

Шаар бийлиги газ менен жүрө турган 350 жаңы автобус сатып алууга даярданып жатат. Транспорт сатып алууга 3,5 млрд сом бөлүнөт. Аларды сатып алууга насыяны жылына 12 пайыз менен шаар мэриясынын облигацияларын сатып алуу аркылуу орусиялык «Газпром» компаниясы бөлөт. Мэрия бул автобустардын акчасын 2025-жылга чейин төлөйт.

Премьер-министр Сапар Исаков 16-январда «абага зыяндуу заттардын чыгышын төмөндөтүүнү» тапшырган.


ТЕМА БОЮНЧА: