Бишкек жылуулук борборунда бир суткада эки директор алмашты

Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) директорлугуна ишкананы 2013-жылдан тарта 2017-жылга чейин жетектеген Андрей Воропаев дайындалды. Буга чейин дайындалган Таалай Бектенов директорлук кызматты бир суткадан ашык ээлеген жок.

Бишкек ЖЭБинин жетекчиси болуп башкы инжердин орун басары Андрей Воропаев дайындалды. Ал буга чейин 2013-жылдан тарта 2017-жылдарга чейин жылуулук борборунда директорлук кызматты аркалаган.

Воропаев ЖЭБде башкы инженер болуп 1992-жылдан тарта эмгектенген. Анын энергетика тармагындагы иш тажрыйбасы 26 жылды түзөт.

Воропаев 2017-жылы өзүнүн иш контрагын узартпоону чечип, ишканын жетекчилик орунун 2018-жылдын 2-февралында ЖЭБдеги авариянын айынан кызматтан убактылуу четтетилген Нурлан Өмүркул уулу ээлеп калган.

Ал эми 2-февралда ЖЭБдин директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалган Таалай Бектенов өз кызматында болгону 24 саатка жетпеген убакыт отурду. Мурдараак Бектенов ишканынын башкы инженери болчу.

Бишкектин батирлеринде температура 26-январда ЖЭБде болгон авариядан улам кескин төмөндөп, ошондой эле, ысык суу жана электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурай баштаган.

Авария абанын температурасы Бишкекте Цельсий боюнча -10дон -25ке чейин болуп турган кездеги суукка туш келип калган.

ЖЭБдеги авариядан кийин Нурлан Өмүркул уулу жабдыктын бузулуп калгандыгы үчүн жазага тартылууга даяр экенин билдирген.

Премьер-министр Сапар Исаков 30-январда Улуттук энергетикалык холдингге Бишкек ЖЭБдин директору Нурлан Өмүркул уулу менен «Электр станциялар» ишканасынын директорунун биринчи орун басары Бердибек Боркоевди жумуштан бошотууну сунуштаган.

Башкы прокуратура ошол эле күнү Бишкек ЖЭБиндеги авария фактысы боюнча «Шалаакылык» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Прокуратуранын басма сөз кызматы жоопкерчиликке Мамлекеттик өнөр-жай комитетинин, Улуттук энергетикалык холдингдин, «Электр станциялар» ишканасынын, Бишкек ЖЭБдин жана башка мамлекеттик органдардын аткаминерлери тартылаарын маалымдаган.


ТЕМА БОЮНЧА: