Сот «Ата Мекендин» юристтеринин Атамбаевге каршы доо арызынан баш тартты

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» оппозициячыл партиясынын юристтеринин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы доо арызынан баш тартты. Юристтер — Атамбаевдин «сасык партия» жана «мародер» деген сөздөрүнүн айынан — ар-намыс жана кадыр-барктарын коргош үчүн аны сотко беришкен.

«Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде Биринчи май райондук сотунун отуруму 7-февралда өткөнүн айткан.

«Атамбаевдин өкүлүнүн сөздөрүнө караганда жана эксперттердин корутундусуна ылайык, Атамбаев "Ата Мекен" партиясы жөнүндө айткан эмес жана эгерде "сасык" деген сөз кимдир бирөөнүн дарегине карата айтылбаса, анда ал кемсинткендик болуп эсептелбейт», — деди Токтакунова.

Юрист азырынча баш тартуу түшүндүрүлгөн сот чемиминин жарымын ала элек — экинчи жарымын алгандан кийин ал чечимди Бишкек шаардык сотто даттанууну пландап атат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын мартында маданият тармагындагы жетишкендиктер үчүн кыргызстандыктарга сыйлыктарды тапшырып атып айрым партияларды «сасык», ал эми айрым саясатчыларды «мародерлор» деп атаган.

«Ата Мекендин» өкүлдөрү Атамбаевдин сөздөрүн кемсинткендик деп эсептешип, аны сотко беришкен. Бишкектин Биринчи май райондук соту «сасык» деген сөзгө лингвистикалык экспертиза дайындаган — эксперттер бул сөз «кемсинткендик» болуп эсептелбейт деп таанышкан.

Мурдагы президенттин өкүлү Айжан Кадырова Атамбаевдин «сасык» партия жөнүндө сөзү «Ата Мекендин» дарегине айтылган эмес деп ырастаган. Бирок Кадырова алардан сотко доо арызы түшкөн эместигин айтып, бул сөз кайсы партиянын дарегине тийиштүү экенин ачыктаган эмес.

Текебаевге каршы кылмыш иши

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2017-жылдын 16-августунда Текебаевди орусиялык ишкер Леонид Маевскийден 1 млн доллар өлчөмүндө пара алуу боюнча күнөөлүү деп тапкан. Аны мүлкүн мамлекеттин эсебине чегерүү менен төрт жарым жылга кесишкен. Ноябрда Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Текебаев акчаны алгандан кийин Маевскийге «Мегаком» байланыш операторун башкарууга мүмкүнлүлүк алып бериши керек болчу. Дүйшөнкул Чотонов бул иште ортомчу болуп чыккан.

Саясатчынын адвокаттары өкүмдү даттанышкан, бирок Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.

Текебаев өз күнөөсүн мойнуна албай, бул ишти бийликтин «саясий буйругу» деп атоодо.

Оппозиционерди 2017-жылдын февралында анын Кыргызстандын бийлиги менен президент Алмазбек Атамбаевдин дарегине айткан сындарынын шартында камакка алышкан.

Саясатчы президенттин демилгелерине жигердүү каршы чыга баштаган, негизинен, ал жанан анын «Ата Мекен» партиясы 2016-жылдын аягында кабыл алынган Конституцияга түзөөтүүлөрду киргизүүгө каршы чыгышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: