Журналист Алкановага «банктык жашыруун сырды таратуу» боюнча айып тагылды

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Журналист Элнура Алканованы «Коммерциялык же банктык жашыруун сырды түзгөн маалыматты мыйзамсыз алууга» айыпташты. Алкановага карата кылмыш ишти Бишкектин чет-жакасындагы хан сарайлар шаарчасынын сатылышы боюнча иликтөөсүнөн кийин козгошту.

Алканова «Клооптун»  кабарчысына курган маегинде билдиргендей, учурда ага Бишкектен чыгууга тыюу салынган — мындай чечимди тергөөчүлөр кабыл алышкан. Анын айтымында, тергөө аяктап, ал эми иштин материалдары башкы прокуратурага өткөрүлгөн.

«Бул айыптоолор — толугу менен жасалмаланган. Мен жаңы эле иштин материалдары менен тааныштым, ал жакта 500 барактан турган эки том. Мен айыптоого толугу менен макул эмесмин», — деп билдирди Алканова.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлкекеттик комитет (ЭКККМК) 18-декабрда журналистке карата банктык сырды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөрдүн сатылышы боюнча материалында «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмесин» көрсөткөн «БТА банктын» документтерин колдонгон.

Алканованын иликтөөсү

Журналист өз иликтөөсүндө «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасындагы үйлөрдүн сатылышын жана ошондой эле, бул иште премьер-министр Сапар Исаковдун чөйрөсүнүн ыктымал байланыштарын иликтеген.

Алканова «БТА Банктын» башкарма төрагасы Темир Рыскуловду хан сарайлар шаарчасынын ыктымал сатып алуучусу жана ал бала кезинде чогуу окуган Исаковдун досу деп атаган. Анын маалыматтары боюнча, өкмөт башчысынын бир тууганы Капар Исаков сатык иштери жүргүзүлүп жатканда банктын жетекчилик кызматына дайындалган.

Ал эми өз кезегинде өкмөт журналисттин жүйөөлөрүн четке кагып, материал жарыяланган «Фергана» басылмасы менен Алкановадан эл алдында кечирим суроону талап кылган.

Ошондой эле, башкы прокуратура да премьер-министрдин «Идеал Хаустун» сатып алуу жана сатыкка чыгаруу ишине байланыштыгын четке каккан — башкы көзөмөл органынын маалыматы боюнча Рыскулов менен Исаков чогуу окушкан эмес. Маммүлк фондусунан билдиришкендей, «Идеал Хаус» хан сарайлар шаарчасын сатууда эч кандай эреже бузуулар болгон эмес.

Бирок башкы прокуратура абалды түшүүнүү үчүн «Мамлекеттик көзөмөлдөө органынын кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз текшерүү жүргүзүү» жана «Менчиктештирүүнү жүзөгө ашырууда кызмат абалын мыйзамсыз пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Алканова менен «Фергана» басылмасы иликтөөдө Сапар Исаковдун бул ишке түздөн-түз тиешеси болгону жөнүндө ырастоолор жок деп билидиришип, жарыяланган материал үчүн кечирим суроодон баш тартышкан.

«Идеал хаус»

«Идеал хаус» коттеж комплекси Бишкектеги «Ала-Арча» резиденциясынан алыс эмес жерде жайгашкан. Аны 2008-жылы кура башташкан. Башында комплекс кулатылган президент Курманбек Бакиев жана анын айланасындагылар үчүн курулган.

2010-жылдагы ыңкылаптан кийин коттеж шаарчаны улутташтырышып, андан соң сатыкка чыгаршыкан.

ММБФ 48 үйдөн турган коттеж шаарчаны сентябрдын аягында 142 млн сомго саткан. Ошол кезде ММБФнын башчысы болуп турган Болсунбек Казаков шаардын баштапкы баасы 242 млн сомду түзгөнүн билдирген, бирок шаарчаны тогуз жолу сатыкка коюшкандан кийин анын баасы төмөндөп кеткен.

«Комплекстин баасы айрым бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн жасалма жол менен төмөндөтүлгөн эмес. Объекттер мыйзамдуулук жана башка шарттарды эске алуу менен эң эле жогору бааны сунуштаганга сатылды», — деп билдирген Казаков.


ТЕМА БОЮНЧА: