Көпчүлүк коалиция Өткүрбек Жамшитовду башкы прокурорлук кызматка жактырды

Өткүрбек Жамшитов. Сүрөт: «Турмуш»

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокурорлук кызматка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин сунуштады. Көпчүлүк коалиция бул кызматка Жамшмтовдун талапкерлигин жактырды, эми бул дайындоону парламент колдошу керек. Эгерде парламент колдосо, Жамшитов бул кызматка парламент отставкага кетирген Индира Жолдубаеванын ордуна келет.

Президенттин парламенттеги өкүлү Курманбек Дыйыканбаев 24-апрелде тармактык комитетке башкы прокурорлук кызматка талапкер Өткүрбек Жамшитовду тааныштырды.

Комитеттин мүчөлөрү Жамшитовго «дайыма мыйзам тарабында» болууну каалашып, андан соң анын талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка жактырышты.

Ошондон кийин төрт фракциядан түзүлгөн көпчүлүк коалиция Жамшитовдун талапкерлигин башкы прокурорлук кызматка кароо үчүн чогулушту.

Депутаттар Жамшитовду коррупция менен натыйжалуу күрөшүүгө чакырышты.

«Бишкектин прокуратурасы менен башкы прокуратурада маяна 30 миң сом эмей эле 30 миллион сыяктуу кымбат машиналар турат. Мына каякта коррупция. Бул машиналар күнүнө 30 литр бензин ичет, бул чындык. Муну текшерүү керек. Биздин жарандар бардыгын көрүп атат да», — деп билдирди КСДПнын депутат Дастан Бекешев.

«Бир Бол» фракциясынан Бакирдин Субанбеков «президент сунуштап жаткандыктан» коалиция башкы прокурорлук кызматка талапкерди жактыраарын айтты.

Жыйынтыгында 120 депутаттын ичинен 93 эл өкүлү кирген көпчүлүк коалиция Жамшитовду бул кызматка бир добуштан жактырды. Эми бүтүндөй парламент анын талапкерлигин колдошу керек.

Жамшитовго чейин Жээнбековдун сунуштамасы боюнча депутаттар отставкага кетиришкен Индира Жолдубаева башкы прокурор болчу. Президент Жолдубаеванын кызматтан алынышын «коррупция менен күрөш алсыз болуп атканы» менен негиздеген.

Жолдубаева башкы прокурорлук кызматка 2015-жылы келген. Аны бул кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев сунуштаган.

Атамбаевдин президенттиги учурунда Башкы прокуратура президенттин каршылаштарына кылмыш иштерин козгоп, көз карандысыз ЖМК менен соттошкон.

Жамшитов деген ким?

Өткүрбек Жамшитов эмгек жолун 1997-жылы Талас шаардык прокуратурасында баштап, ал жакта эки жыл аралыгында прокурордун жардамчысы болуп иштеген. Андан соң Жамшитов 2008-жылга чейин Талас шаарынын жана Ош облусунун прокуратура органдарында тергөөчү болуп эмгектенген.

2008-жылы ал Баткен облусунун Кадамжай райондук прокуратурасына прокурордун орун басарлыгына дайындалган.

Кийинчерээк 2011-жылы Жамшитов Лейлек районунун прокурору болуп калган, ал эми төрт жылдан кийин аны Жалал-Абад облусунун прокурорлук кызматына дайындашкан. Бул кызматта ал азыркы убакытка дейре иштеп келет.


ТЕМА БОЮНЧА: