Кубанычбек Кулматов камакка алынды

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов. Сүрөт: "Азаттык"

Бишкектин Биринчи май райондук соту борбор калаанын экс-мэри жана Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматовду 28-июнга чейин камакка алды. Ага Кытайдын ТВЕА компаниясынын грантынан 2 млн доллар мыйзамсыз пайдаланылганы боюнча айып тагылууда.

Сот Кулматовду камакка алуу боюнча чечимди 5-июнда кабыл алды. Экс-мэрдин иши боюнча сот отуруму ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суракка алынгандан кийин өттү. Соттун чечими боюнча, Кулматов УКМКнын тергөө изоляторунда 28-июнга чейин болот.

УКМКнын тергөөчүлөрү Кулматовго 18-майда эле айып тагышкан. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал 2014-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде борбор калаадагы Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуу ишин аткарган Кытайдын ТВЕА компаниясынын 2 млн доллар грантын мыйзамсыз пайдаланган.

Каражат Кыргызстандын аймактарында эки мектепти курууга багытталган, бирок Кулматов, тергөөнүн версиясы боюнча, акчаны Бишкектен алыс эмес жердеги Калыс-Ордо конушунда мектеп курууга жумшаган.

Кулматов өзү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасындагыларга саясий куугунтук жүрүп атканын билдирген.

«Менин жеке пикирим боюнча, бул саясий иш. Силер Жогорку Кеңеште, шаар мэриясында мага карата эмне болуп жатканын өзүңөр көрүп атасыңар», — деген ал.

Мурдарак сот 29-майда УКМКнын сурамы боюнча экс-мэрдин мүлкүн камакка алган.

TBEAнын гранты

Кытайдын ТВЕА компаниясы «Бишкек ЖЭБди жаңыртуу» долбоору боюнча Кыргызстанга 20 млн доллар грант бөлүп, жаңыртуунун өзү 386 млн доллар кытай насыянын эсебинен жүргүзүлгөн.

Улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, гранттык каражаттан 2 млн доллар Калыс-Ордо конушунда мектептин курулушуна сарпталган. Ошондой эле, гранттык каражаттын акчалары Кара-Кече Жылуулук электр станциясындагы (ЖЭС) курулушка техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгууга, «Датка-Кемин» электр чубалгаларын тейлөөгө, Бишкек ЖЭБдин персоналын окутууга жана жаңы эки трансформаторду сатып алууга жумшалган.

Бирок мамлекеттик өнөр жай комитетинин аткаминерлери ырасташкандай, кытай компаниясы грантты кай жакка жумшоо керектигин өзү чечип, сатып алуулардын баасын шарттуу аныктаган. Грант каражаттары кандай сарпталганы жөнүндө деталдуу документтер жок.

Коомчулук 2018-жылдын январынын аягында ЖЭБдин айланасындагы жагдайга дыкат көңүл бура баштаган. Анда Бишкек ЖЭБинде болгон авариядан кийин бул борборду жаңыртууга кеткен чыгымдын сарпталышын депутаттык комиссия иликтеп, текшерүүнүн жыйынтыктарын чыгарган.


ТЕМА БОЮНЧА: