Сапар Исаков тергөө аяктаганга чейин камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду тергөө аягына чыкканга чейин камакка алууну чечти. Ага Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айып тагылууда.

Сот мурдагы өкмөт башчыга баш коргоо чарасын 5-июнда чыгарды — бул Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) суракка алынгандан кийин болду.

УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ал аталган мекеменин тергөө изоляторунда тергөө аягына чыкканга чейин камакта болот.

«Бул адилетсиздик, сөзүм жок», — деди Исаков журналисттерге соттон кийин.

Буга чейин УКМК Исаковго 29-майда айып таккан. Тергөөнүн версиясы боюнча, Исаков президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган кезде, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу үчүн жалданмачыны тандоодо, «чет элдик компаниянын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн».

Атайын кызматтагылар Исаковдун аракеттери мамлекетке «өзгөчө ири өлчөмдө» зыян келтирген деп эсептешет.

Исаков өзү козголгон кылмыш ишин «таптакыр чектен чыгуу» деп атаган.

«Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам», — деген ал журналисттерге 29-майда УКМКдагы сурактан чыккандан кийин.


ТЕМА БОЮНЧА: