Эмгек кодекси жумуш берүүчү менен жумушчунун укуктарын сактап, аларга бири-биринин укугун бузууга жол бербеши керек. Кыргызстандын жарандарынын кандай эмгек укуктары бар, алар бузулуп жатса эмне кылуу керек жана кантип эмгек укуктарыңды сотто коргоп калууга болот?
Эмгек кодекси деген эмне?
Бул жумуш берүүчү менен жумушчунун ортосундагы эмгек мамилелерин жөнгө салган мыйзамдардын жыйнагы. Анын эки тарап тең бирдей сакташы керек. Эгерде жумуш берүүчү кодексти бузса, анда анын кызматкери өз укугун коргоо үчүн сотко кайрыла алат. Же тескерисинче, эгерде кызматкер кодексти бузса, анда аны жетекчиси сотко берүүгө укуктуу.
Ал эмне үчүн керек?
Эмгек кодекси жарандардын эмгек укутары менен эркиндигин коргойт. Бул эч ким кимдир бирөөнү мажбурлап, зомбулук көрсөтүп, же коркутуп иштете албайт дегенди билдирет.
Ошондой эле, кодексте кызматкер менен жетекчи кандай шарттарда өз ара кызматташышы керектиги жазылган. Мисалы, жумушка алууда жетекчи болочок кызматкери менен эмгек келишимин түзүшү керек. Ал маянаны кечиктирип, кызматкерден милдетине кирбеген жумуштарды аткарууну талап кылууга укугу жок.
Эгерде жумуш берүүчү кызматкерди ден соолугуна зыян тйиген же кооптуу саналган жумушка алып жатса, анда ал зыяндуулук үчүн кошумча акча төлөп, аны тийштүү атайын кийимдер менен камсыдап, тез-тезден медициналык кароодон өткөрүп турушу керек. Жумуштун мындай түрлөрүнө шахтадагы, таштанды чыгаруу же жыйноо жана автоунааларды оңдоо иштери кирет. Шарты зыяндуу жумуштардын толук тизмеси өкмөттүн типтүү тизмесинде бар.
Эмгек кодекси кызматкерден ак ниеттүүлүк менен өз милдеттерин аткарууну, жумуш берүүчүнүн мүлкүнө аяр мамиле кылып, коммерциялык, мамлекеттик жашыруун сырларды жана башка купуя маалыматтарды жайылтпоону талап кылат.
Жумуш берүүчүлөр көбүнесе кызматкерлердин кандай укуктарын бузушат?
Юрист Эдил Эралиевдин айтымында, жумуш берүүчүлөр көбүнесе кызматкерлерди өз демилгеси боюнча жумуштан бошотушканда Эмгек кодексин бузушат.
Мыйзам боюнча, жумуш берүүчү кызматкерди эгерде ал өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албай жатса, адеп-ахлакка жатпаган жүрүм-турум кылса же негизсиз себептерсиз жумуш ордунда бери эле дегенде үч саат жок болсо жумуштан бошото алат. Кызматкер жумушунан кол жууп кала турчу башка себептер кодекстин 83-беренесинде жазылган.
Эгерде жумуш берүүчү өз кызматкерин бошотуп жаткан болсо, анда ал айрым башка учурларда ага тийиштүү кун төлөп бериши керек. Мисалы: эгерде компания кайрадан түзүлүп же штаттын санын кыскартууга мажбур болсо.
Айрым компаниялар муну кылышпагандыктан жумушунан кол жууп калган кызматкерлер кунду сот аркылуу өндүрүп алууга аргасыз болушат дейт юрист Юльяна Жедигерова.
Анын айтымында, кызматкерлер маяналарын жетекчилери төлөп бербей кармап жатканда, жумуштан бошотуу процедурасы туура эмес таризделгенде, мөөнөттөн ашыкча эмгек акы, эмгек өргүү акысы же декретке чыгуу төлөмдөрү төлөнбөй калганда да сотко кайрылышат.
Эгерде кызматкердин жетекчилиги менен болгон пикир келишпестиги болсо, анда ал аны профсоюздар аркылуу чечип алса болот. Бирок Жедигерованын айтымында, өз практикасында кызматтан бошотулган кызматкер өз укугун профсоюз аркылуу коргоп калууга аракет кылган учурларды кезиктирген эмес. Ал эми Эралиев Кыргызстанда профсоюздук кыймылдар чала өнүккөнүн кошумчалады.
Андан сырткары, жумуш берүүчү тарабынан болгон эреже бузуулар үчүн Мамэкотехинспекцияга да кайрылса болот.
Эмне үчүн жумуш берүүчүлөр Эмгек кодексин бузушат?
Жедигерованын айтымында, бул жумуш берүүчүлөр эмгек мыйзамдарынын жоболорун билишпегенине же болбосо аны этибар алышпаганы менен байланыштуу. Экинчи себеп — жумуш берген адам эгерде эмгек мыйзамдарын бузса, өз кызматкерлери ишти сотко чейин жеткиришпейт деп үмүттөнөт.
«Эгерде кызматкер жетекчисинин үстүнөн сотко кайрылууну чечип, жетекчиси анын эмгек укугун бузгандыгы боюнча далилдери болсо, анда кызматкердин сот процессин утуп алууга толук мүмкүнчүлүгү пайда болот», — дейт юрист.
Кызматкер жетекчисине каршы сотту утуп алган учурлардын мисалдары барбы?
Ооба. Мисалы, бул жылдын май айында Бишкектин Ленин райондук соту «Транс Азия Экспресс» компаниясы жана анын бошотулган президенти Э.А. ортосундагы эмгек чуусун караган. Алардын ортосунда колдонулбаган эмгек өргүүсү үчүн төлөнүп берилбеген кундун айынан чыр чыккан.
Э.А. «Транс Азия Экспресстин» президенттик кызматына 2011-жылы келген, ал эми компаниянын директорлор кеңеши аны 2018-жылы жумуштан бошотуп салган. Доочунун айтымында, компания колдонулбаган эмгек өргүүсү үчүн ага 165 миң сом төлөп бериши керек болчу. Бирок «Транс Аэро Экспресс» муну аткарбай, өз аракеттерин кайра эсептөө жүргүзүү жана тийштүү макулдашуулар керек деп түшүндүрүү менен кун төлөп берүүнү создуктуруп жүрө берген.
Ошондо мурдагы топ-менеджер сотко кайрылууну чечип, аны утуп алган. Бишкектин Ленин райондук соту «Транс Азия Экспресс» компаниясын бошотулган кызматкерине кунду толук көлөмдө төлөп берүүгө, андан сырткары, 16,5 миң сом мамлекеттик алымды төлөөгө милдеттендирген.
Соттордо бир гана топ-менеджерлер гана жеңип чыгышпайт. Бир жолу компаниялардын биринин бухгалтери өзүнүн мурдагы жетекчилигин сотко берип, эмгек китепчесин берүүнү создуктурганы үчүн ага 135 миң сом төлөп берүүсүн талап кылган. Сот дооматты жарым-жартылай канааттандырган — инстанция бошотулган кызматкерине 43 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Кийинкиси бюджеттик мекеменин мурдагы кызматкеринин мисалы — Шопоков шаардык кеңешинин катчысы маяна боюнча карыздарды төлөтүп алууга жетишкен. 2017-жылы райондук кеңеш аны «ээлеген кызматына туура келбендиги» үчүн жумуштан алган, бирок ал жумуш берүүчүлөр аны кайрадан жумушка алуусуна жетишкен.
Сот Шопоков шаардык кеңешин аргасыздыктан жумушка келбөө жана маяна боюнча карыздар үчүн доочуга сотто көрсөткөн өкүлдүн чыгымдарын жана мамлекеттик алымды кошуп, 77 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген.
Эгерде жетекчилик маянаны бербей кармап жатса эмне кылуу керек?
Жедигерова мындай учурларда жетекчиликке доомат каты менен кайрылып, карызды төлөө боюнча мөөнөттү белгилеш керек деп кеңеш берет.
Эгерде жетекчилик тараптан рекция болбосо, анда сизде Мамэкотехинспекцияга же сотко кайрылууга укук пайда болот.
Маанилүү: эгерде жумуш берүүчү сиздин маянаңызды же эмгек өргүү акысын кармап жатса, анда ал ар бир төлөнбөй калган күн үчүн сизге жалпы карыздан 0,15 пайызын төлөп бериши керек.
Мисалы, сиз кондитер фабрикасында иштеп, сиздин расмий маянаңыз 25 миң сомду түзөт, компаниядан сиз социалдык фонд менен салык төгүмүнөн кийин колуңузга 20300 сом аласыз. Фабрика жетекчилиги сизге төрт айдан бери февралдан баштап май айына чейин айлык бере элек. Тактап айтканда 120 күн.
Компаниянын карызы сиздин алдыңызда 81200 сом. Кечиктирилген маяна үчүн сиздин кун мындайча эсептелет: 81200 миң х 0,15% x 120 = 14616 сом.
Эгерде жетекчилик эмгек кодексинде жазылбаган жумуштарды аткарууну талап кылып жатса эмне кылуу керек?
Мыйзам боюнча, жумуш берүүчү андай кылууга укуктуу эмес. Бул үчүн ага айыппул салынышы мүмкүн. Кызматкерди укук ченемдеринен чыккан мындай аракеттерден кодекстин 56-беренеси коргойт.
Жашоодон алынган мисал: бир адам банкта кызматкерлерди ташып, банкта айдоочу болуп эмгектенген. Айоочунун ортосунда жетекчилик менен эмгек чуусу чыгып, жетекчи андан эмгек келишиминде жазылбаган милдеттерден тышкары ишти аткарууну талап кылат. Мисалы, жетекчи айдоочуга түнкү саат 12де келип, аны «иштер боюнча» алып барып келүүнү айтыш үчүн чалат. Айдоочу ошол учурда жетекчисине дооматын айтканда, беркиси кол алдындагысына жумуштан бошоп кетүүнү сунуштайт. Айдоочу ага макул болуп, ошондой кылат.
Эгерде айдоочу өз укугун коргоону чечкен болсо, анда Жедигерованын айтымында, ал арыз менен Мамэкотехинспекияга кайрылышы керек болчу. Бирок бул үчүн анда фото, видео же телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жазмасы сыяктуу далилдери болушу керек.
Эмне үчүн кызматкер эмгек келишимин түзүүсү маанилүү?
Эмгеке келишим — бул сиздин жана сизге жумуш берип жаткан тараптын ортосунда эмгек мамилелери пайда болгонун тастыктаган юридикалык документ.
Эгерде сиз эмгек келишими жок эле иштеп жаткан болсоңуз, анда сизге чындыгында эле иштеп жатканыңызды же бул жумуш берүүчү менен иштегениңизди далилдеп берүү кыйынга турат.
Эмгек келишиминин жоктугунун айынан кызматкер башка себептер боюнча деле жабыркап калышы мүмкүн — сот жумуш берүүчү менен кызматкердин ортосунда эмгек мамилелери эмес, жарандык-укуктук мамилелер болгон деп эсептеп коюшу ыктымал. Тактап айтканда, кызматкер жалданма тарап эмес, жеке ишкер болгон. Мындай учурда ага салык төлөнбөгөнү жана ишмердикти каттоосуз жүргүзүү үчүн доомат коюлушу мүмкүн.
ТЕМА БОЮНЧА: