Эркинбек Исаков Бишкектин вице-мэрлигинен кетти

Эркинбек Исаков. Фотосүрөт: Жоомарт Ураимов/Sputnik

Бишкек мэриясынын басма сөз борборунан кабарлашкандай, Исаков 14-августта кызматтан өз каалоосу менен кетүү боюнча арызын жазган. Бирок аткаминер эми кайда иштээри белгисиз, «Клооптун» журналистинин телефон чалуусуна ал жооп берген жок. Исаков ээлеген кызматка «Тазалыктын» директору Рысбек Сарпашев дайындалган.

Исаковдун отставкасы Бишкек мэри алмашкан шартта болууда. 8-августта Азиз Суракматов борбор калаанын башчылыгына шайланса, 14-августта аны бул кызматка бекитишкен. Суракматов мэрлик кызматка талапкерлигин койгон жалгыз адам болгон. Андан мурунку Бишкек мэри Албек Ибраимовду 19-июлда коррупцияга шектеп кармашкан.

Июль айында «Клооптун» журналисттери Исаковдун илимий ишиндеги плагиат туурасында материал чыгарышкан болчу. Өзүнүн илимий эмгегинде Исаков Дагестандын мурдагы башчысы Магомедсалам Магомедовдун жана Самара мамлекеттик техникалык университетинин мугалими Марина Гаранинанын иштеринен тексттерди көчүрүп алган. Бул иши үчүн Исаков экономика илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.

Исаковдун 2010-жылы коргогон ишиндеги 181 беттин 140 бетинен плагиат табылган. «Клооптун» материалы жарык көргөндөн кийин аткаминер Жогорку аттестациялык комиссияга илимий даражадан ажыратуу боюнча арыз жазганын билдирген.