Орусиянын «Диссернет» уюму Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын (КМЮА) деканы Данияр Жумалиевдин кандидаттык диссертациясынан плагиат тапкан. Анда 132 беттен турган диссертациянын 96сы көчүрүлгөнү аныкталган. Бул илимий иш түп нускадан алынып салынган сөздөр жана өлкөлөрдүн аталышы менен эле айырмаланып турат.
Юридикалык академия — бул маанилүү окуу жай. Анын сайтында жазылгандай, «коомдун илимий-педагогикалык, башкаруучу жана маданияттуу элитасын» даярдап, болочоктогу адвокаттарды, судьяларды жана прокурорлорду тарбиялап чыгарат.
Адвокатура жана юстиция факультетинин деканы Данияр Жумалиев Кыргызстандын элдик билим берүүсүнүн отличниги наамын алып жүрөт. Ал академияда 2004-жылдан бери мугалим болуп эмгектенип келет. Сегиз жылдан кийин ошол эле окуу жайдан «Кыргыз Республикасында муниципиалдык кызматкердин укуктук статусу» темасы боюнча кандидаттык ишин жактаган.
Жайында Орусиянын «Диссернет» уюму Жумалиевдин диссертациясын текшерип, анын 132 беттен турган ишинин 96 барагынан плагиат тапкан.
Жумалиевдин диссертациясы
Анын текстинин көпчүлүк бөлүгү Волгограддагы орусиялык окумуштуу Светлана Михневанын диссертациясынан көчүрүлүп алынган. Жумалиевдин илимий ишинин аталышы «Орусиянын муниципиалдык кызматкеринин укуктук статусу» деген аталыштагы Михневанын диссертациясына окшош.
«Диссернеттин» эксперттери Жумалиевдин диссертациясында «Орусия» деген сөз бир нече жолу «Кыргыз Республикасы» деген сөзгө алмаштырылган деп айтышууда. Ошентип Михневанын ишиндеги Орусияга байланыштуу маалыматтын бардыгы Кыргызстан үчүн актуалдуу маалымат катары көрсөтүлгөн.
Уюмдан кошумчалашкандай, кыргыз деканы өз ишинде тексттин түп нускасындагы сөздөрдүн көпчүлүгүн синонимдерге алмаштырып койгон. Ал эми программалык камсыздоо плагиат сыяктуу алмаштырууларды аныктабайт.
«"орус мамлекеттүүлүгү" "кыргыз мамлекеттүүлүгүнө", "федералдык" "мамлекеттикке" жана "Волгоград шаардык Эл өкүлдөр кеңешинин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы" "Ысык-Көл облустук администрациясынын жалпы бөлүмүнүн жетекчиси" делип өзгөрүп кеткен», — деп жазат «Диссернет» уюму.
Көчүрмөнүн мисалы:
Михнева С.В. (2003), 169-бет:
«В условиях укрепления российской государственности, наличии тенденции упрочения иерархии законодательства основные профессиональные права и обязанности муниципального служащего требуют закрепления на уровне федерального законодательства. В свою очередь, в региональных, местных и локальных актах непосредственные права и обязанности муниципального служащего могут быть дополнены и конкретизированы».
Жумалиев Д.С. (2012), 137-бет:
«В условиях кыргызской государственности наличие тенденции упрочения иерархии законодательства основные профессиональные права и обязанности муниципального служащего требуют закрепления в законодательстве. В свою очередь, в местных и локальных актах непосредственные права и обязанности муниципального служащего могут быть дополнены».
Михнева илимий ишин 2003-жылы, тагыраагы, Жумалиевге чейин тогуз жыл мурда жазган. Декан өз диссертациясында Михневанын атын атап же анын ишине таянган эмес. Ошондой эле, «Диссернет» эки окумуштуунун биргелешкен иши да жок экендигин аныктаган.
Көчүрмөнүн мисалы:
Михнева С. В. (2003), 167-бет:
ЗАКЛЮЧЕНИЕ С провозглашением Российской Федерации демократическим правовым государством важная роль отводится местному самоуправлению. Становление и развитие аффективной системы местного самоуправления на сегодняшний момент сопряжено с рядом проблем, одной из которых является определение правового статуса муниципального служащего.
Жумалиев Д.С. (2012), 135-бет:
ВЫВОДЫ С провозглашением Кыргызской Республики демократическим, правовым государством важная роль отводится местному самоуправлению. Становление и развитие эффективной системы местного самоуправления на сегодняшний момент сопряжены с рядом проблем, одной из которых является определение правового статуса муниципального служащего.
«Клооптун» журналисттери бир нече жолу Жумалиевден интервью алууга аракеттенип көрүштү, бирок ал улам-улам бошобой жатканына же эмгек өргүүдө жүргөнүнө таянып жооп берүүдөн баш тартып койгон. Ошондой эле, ал коомдук тармактардагы каттарга да жооп берген эмес.
«Диссернет» деген эмне?
Бул 2013-жылдан бери диссертациялардагы плагиаттарды текшерип келе жаткан Орусиядагы ыктыярчылар уюму. «Диссернеттин» текшерүүлөрүнөн кийин Орусияда 200гө чукул адам илимий даражаларынан кол жууп калган. Алардын катарында Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык думасынын төрагасы Михаил Платонов болгон.
«Диссернеттин» эксперттери 2018-жылдын июнь айынан тарта кыргыз окумуштууларынын илимий иштерин текшере баштаган. Диссертацияларында плагиат табылган эң эле ири аткаминерлердин арасында Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков, ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекова болгон.
Изилдөөнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин Исаков өзүн окумуштуулук даражадан ажыратууну суранып Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК) кайрылган. Бирок, анын айтымында, азырынча ЖАКтан расмий жооп ала элек.
Ал эми комиссиянын өзүнөн «аныкталган плагиат» жөнүндө билишээрин кабарлашкан. Комиссия «мыйзам чегинде иштей турганын» убада кылып, бирок диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн жаап, илимий иштердин көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тарткан.
ТЕМА БОЮНЧА: