КЭУнун Эл аралык укук кафедрасы. Сүрөттүн ортосунда Бактыбек Алымбеков, ал эми солдо Ида Голобородько белгиленген. Сүрөт: Кыргызстандын Эл аралык университети

Орусиянын «Диссернет» уюму Кыргызстандын Эл аралык университенин (КЭУ) эл аралык укук кафедрасынын эки мугалими Ида Голобородько менен Бактыбек Алымбековдун диссертацияларынан плагиат тапты. Экинчиси ИИМдин башчысынын орун басары болгон.

Алымбековдун диссертациясы

Милициянын генерал-майору Бактыбек Алымбеков күч органдарында ар кандай кызматтарды ээлеп, Жогорку Кеңеште II чакырылыштын депутаты болгон. Ал 2010-2012-жылдары ички иштер министринин орун басары кызматын аркалаган. Бул кызматтан кеткен соң КЭУнун студенттерине криминалистика боюнча сабак бере баштаган.

Алымбеков диссертациясын 2011-жылы жактаган. Ал ошол учурда ИИМдин башчысынын орун басары болуп турган. Анын иши «Эл аралык экстремизмге каршы туруу: Жазык укуктук жана криминологиялык аспекттер» деп аталат. «Диссернеттин» адистери илимий иштин 104 бетинен плагиат табышкан (жалпысынан ал мазмунун, шилтемелерди жана техникалык беттерди кошпогондо 147 беттен турат).

Алымбеков башка плагиатчыларга салыштырмалуу маалымат булагы үчүн алыс деле барган эмес. Анын ишиндеги көчүрмөлөрдүн үчтөн экиси кыргызстандык Эмил Жээнбековдун илимий ишинен алынган. Ал 2011-жылы ИИМдин эстремизм менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгында иштеп, андан соң аны жетектей баштаган.

Калган үчтөн бири ар кандай деңгээлде Орусиянын жана Кыргызстандын беш авторунун илимий макалалары менен диссертацияларынан көчүрүлүп алынган. «Диссернеттен» белгилешкендей, Алымбеков жада калса өзүнүн илимий ишинде бир-эки жолу Жээнбековду жана орусиялык окумуштуу Борис Мыльниковду да эскерген. Ошол эле кезде ал аталган авторлордун ишинен маалыматты көп эле колдонгон.

Алымбеков башка авторлорго таптакыр эле шилтеме барген эмес, андан сырткары бул окумуштуулар менен биргелешкен иштери да жок болгон. Эксперттер кошумчалашкандай, мугалим көптөгөн башка плагиатчылардай эле Кыргызстанды Орусиянын алдына «жашырууга аракет» жасаган, тагыраагы, башка өлкө үчүн актуалдуу маалыматтарды кыргыз маалыматтары катары көрсөткүсү келген.

Көчүрмөнүн мисалы:

Алымбеков Б.М. (2011), 54-бет:

«Деструктивное влияние также оказали “революции” прошедшие в республике. Нельзя не отметить падение рождаемости и увеличение смертности в стране, безработицу, политический хаос и отказ прежней советской системы ценностей. Катализирующим экстремизм фактором явилась слабая до недавних пор миграционная политика государства, коррумпированность органов исполнительной власти, падение нравственности и кризис институтов общества, правовая анемичность социума».

Сиоридзе А.Г. (2007) [диссертациянын корутундусу]:

«Деструктивное влияние также оказали война в Чечне, террористические акты, внешняя политика некоторых государств в отношении России. Нельзя не отметить падение рождаемости и увеличение смертности в стране, безработицу, политический хаос и отказ прежней советской системы ценностей. Катализирующим экстремизм фактором явилась слабая до недавних пор миграционная политика государства, коррумпированность органов исполнительной власти, падение нравственности и кризис институтов общества, правовая аномичность социума».

«Уюмдун эксперти изденип жаткан адамдын түшүнүгүнүн тереңдигине таң калган. Азыркы коомго таандык (көбүнесе укуктук мааниде), аномия*, анын канын азайтып, натыйжада “укуктук анемия”** өөрчүп кетиптир», — деп белгилешет эксперттер.

*Аномия — психологиялык термин. Французчадан которгондо «мыйзамсыздык» дегенди билдирет.

**Анемия — медициналык термин, көбүнесе аз кандуулук дегенди билдирет (гемоглобиндин кандан төмөндөп кетиши).

Краснодардын ордуна Бишкек. Голобородьконун диссертациясы

«Диссернет» Алымбеков менен бир кафедрада иштеген кесиптеши Ида Голобородьконун ишинен да плагиат тапкан. Ал бир нече жолу өзүн саясатта көрсөткүсү келген. 2010-2014-жылдары Голобродько «Ар-Намыс» партиясынан Жогорку Кеңештин депутатттыгына талапкер болгон, ал эми 2015-жылы «Бир Бол» партиясынан парламентке өтүүнү көздөгөн.

Азыр ал юриспруденциянын магистри жана кылмыш-жазык укугу боюнча лекцияларды окуйт. Ал өз илимий ишин 2009-жылы жактаган. Анын темасы — «Уюшкан кылмыштуу топтору жасаган уурулук үчүн кылмыш жоопкерчилиги».

«Диссернетте» Голобородько Алымбеков сыяктуу эле Орусиянын маалыматтарын кыргызчалоо боюнча «классикалык ыкма» колдонгонун айтышууда.

Мисалы, 107, 108, жана 122 беттерде ал Орусиянын Краснодарынын Славян райондук сотунун архивиндеги маалыматтарын Бишкектин Свердлов райондук сотунун маалыматы катары көрсөтүп жазган. Болгону алардын аттары менен мөөнөтү гана өзгөртүлгөн.

Голобородько И.Л. (2009), 107-108-бет:

«Так, 19 августа 2007 года Свердловский райсуд г. Бишкек рассмотрел в судебном заседании дело по обвинению в мошенничестве группы лиц, похищавших неоднократно автомобили путем обмана – вручения потерпевшим вместо денег за автомобили «кукол» – тетрадных листов, вырезанных по формату долларов.

В составе группы были четко распределены роли каждого из соучастников, так, С. выбирал автомобиль, женщины носили кейс, покупали продукты, каждое преступление было четко спланировано. Группа выезжала на авторынок «Азамат», где выбирался автомобиль и проводились другие спланированные действия, что полностью подтвердило признак устойчивости в судебном заседании».

Яровой А.А. (2000), 168-бет:

«Так, 19 августа 1998 г. Славянский райсуд Краснодарского края рассмотрел в судебном заседании дело по обвинению в мошенничестве группы лиц, похищавших неоднократно автомобили путём обмана – вручения потерпевшим вместо денег за автомобили «кукол» – тетрадных листов, вырезанных по формату долларов.

В составе группы были чётко распределены роли каждого из соучастников, так, Ф. выбирал автомобиль, женщины носили кейс, покупали продукты, каждое преступление было чётко спланировано. Группа выезжала на авторынок хутора Трудобеликовский, где выбирался автомобиль и проводились другие спланированные действия, что полностью подтвердило признак устойчивости в судебном заседании».

Мындай нерсе Голобородьконун ишинде бир эле жолу кездешпейт: ал окумуштуулардын цитаталарын РСФСРдин Жогорку сотунун пленумунун маалыматы катары көрсөткөн, ал эми Орусияда 90-жылдары жасалган кылмыштарды Кыргызстанда 2007-жылы жасалган кылмыштар деп жазган.

Жыйынтык — Голобородьконун ишинде плагиат 145 беттин ичинен 86сынан табылган. КЭУнун мугалими орусиялык эки окумуштуунун эмгегин колдонгон. Тексттеги кириш сөздө авторлордун бирөөсүн гана эскерген. Ал эми экинчи окумуштуу текстте эскерилген эмес. Ошондой эле, «Диссернет» алардын Голобородько менен биргеликте жазылган ишин таба алган эмес.

Мугалимдер өздөрү бул тууралуу эмне деп жатышат?

Бактыбек Алымбеков «Клооптун» журналисти менен жолугушууда «Диссернеттин» иликтөөсүнө кандайдыр бир комментарий бергиси келген жок. Бирок бир нече секунддан кийин жибий түшүп, өз ишинде плагиат жок деп жооп берди. Министрдин экс-орун басары «Диссернетти» алдамчылар деп эсептейт.

«Алар мага баа бергидей кимдер экен?! Бааны өкмөт ыйгарым берген атайын эксперттер бериши керек. Биз бул органдар аркылуу текшерүүдөн өткөнбүз, аттестациялык комиссиядан да өткөнбүз. Алар бизге баа беришкен, алар өз корутундусун беришкен, жактагандардын баарына берген, а буларчы? Алар эч ким эмес», — деп нааразы болду ал.

Алымбеков сүйлөшүү учурунда бир нече ирет плагиат фактысын бир гана сот расмий тааный ала турганын белгиледи. Ал эми анын үстүнөн арызды «диссертацияны көчүрүп алды» деген адам бериши керек.

«Сиз сотко кайрыласыз, сот плагиат кылып алды деп тааныйт. Ошондо гана бул юридикалык жактан плагиат болуп эсептелет. Алымбековдун үстүнөн ким арыз берди? Муну менден көчүрүп алды деп шектенген адам бериши керек. Азыр ал барбы? Жок, анда суроо да жок. Мен плагиат жок деп эсептейм. Жообум ушундай», — деди ИИМдин мурдагы орун басары.

Ида Голобородько «Клооптун» кабарчысы менен сүйлөшүп, бирок аны материалда эскербөөнү суранып, жазыла турган интервью берүүдөн баш тартты. Анткени ага «жагымсыз атактын» кереги жок экен.

«Диссернет» деген эмне?

Бул 2013-жылдан бери диссертациялардагы плагиаттарды текшерип келе жаткан Орусиядагы ыктыярчылар уюму. «Диссернеттин» текшерүүлөрүнөн кийин Орусияда 200гө чукул адам илимий даражаларынан кол жууп калган. Алардын катарында Орусиянын Мамдумасынын депутаты Ришат Абубакиров жана Москва шаардык думасынын төрагасы Михаил Платонов болгон.

«Диссернеттин» эксперттери 2018-жылдын июнь айынан тарта кыргыз окумуштууларынын илимий иштерин текшере баштаган. Диссертацияларында плагиат табылган эң эле ири аткаминерлердин арасында Бишкектин вице-мэри Эркинбек Исаков, ИИМдин жетекчисинин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбеков жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекова болгон.

Изилдөөнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин Исаков өзүн окумуштуулук даражадан ажыратууну суранып Жогорку аттестациялык комиссияга (ЖАК) кайрылган. Бирок, анын айтымында, азырынча ЖАКтан расмий жооп ала элек.

Ал эми комиссиянын өзүнөн «аныкталган плагиат» жөнүндө билишээрин кабарлашкан. Комиссия «мыйзам чегинде иштей турганын» убада кылып, бирок диссертацияларды кароо мүмкүнчүлүгүн жаап, илимий иштердин көчүрмөлөрүн берүүдөн баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: