Зере «Кыз» аттуу ырынан улам «өлтүрүп кетем» деген коркутуулар түшө баштаганын айтып чыкты

Ырчы Зере Асылбек инстаграмдын @bespredel__kg жана @ddjumabaev деген колдонуучулары менен кат жазышуусунун скриншотун жарыялады. Алар ырчыны өлтүрүп кетебиз деп коркутушкан.

«Эгер жанагы видеоңду жок кылып, кыргыз элинен кечирим сурабасаң, жакында өлтүрүп кетебиз. Биринчи жана акыркы жолу болсун», — деп жазган @bespredel__kg.

Анын артынан эле @ddjumabaev деген колдонуучу «кубануу менен кошулуп, ырчынын башын кесип салам» деп жазган.

Зере өзүнүн «Кыз» аттуу ырына клип чыгаргандан кийин атактуу боло баштаган. Ырчы клибинде коомчулукту кыргыз кыздарына кантип жашаш керектигин таңуулабагыла деп үндөгөн.

Клип менен ыр коомдук желеде ар кандай кабыл алынган. Кээ бир колдонуучулар Зеренин феминисттик чакырыгын колдошсо, башкалары сындап чыгышкан. Талкуу кызуу жүргөн маалда ырчынын атасы өз кызына болушуп, аны колдой турганын айткан.