Алмазбек Атамбаев Орусияга тууганынын тажиясына жана Азиядагы саясий партиялардын Эл аралык конференциясынын Х Башкы ассамблеясына катышуу үчүн бара жаткан. Ал учакта болгон Бишкектин экс-мэри жана мурдагы депутат Нариман Түлеев экс-президент Атамбаев үзөңгүлөшү Икрам Илмиянов камакка алынгандан кийин качып кетүүнү чечсе керек деп болжолдоп, сынга алган.

Болжолдуу төрт сааттан кийин Түлеев Атамбаев менен бирге жылмайып түшүшкөн селфи чыгарган.

Сүрөт ар тараптуу комментарийлерге жем таштап, мурдагы мэр эмне үчүн селфи кылып, экс-президент менен эмне жөнүндө сүйлөшкөндүгүн түшүндүрүп берген.

Атамбаевдин башкаруусу учурунда Түлеев коррупция үчүн 11 жылга кесилип, бирок мамлекетке 60 млн сом төлөп берүү менен мунапыс боюнча эркиндикке чыккан. Түлеевдин Караван соода борбору жана Сапатком бизнес борбору өңдүү мүлктөрү сот чечимине ылайык конфискацияланган.

ТЕМА БОЮНЧА: