Коомдук желеде УКМКнын мурдагы кызматкеринин Көлбаев менен түшкөн сүрөтү жарыяланды

Камчы Көлбаев/Сүрөт: Мирлан Токталиев, «Азаттык»

Коомдук тармактарда Улуттук коопcуздук комитетинин мурдагы кызматкеринин кримтөбөл Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтүнүн ачыкка чыгарылышы кыргызстандыктардын атайын кызматка карата сын айтуусуна себеп болду.

Сүрөт 11-ноябрда фесбуктагы «БеспределKG» тайпасында жарыяланган. Анда костюмчан эки кишинин ресторан же клубдун ичинде түшкөн сүрөтүн байкоого болот.

Алардын ичинен бою узунураагы — 2013-жылы Кыргызстанда үч жылга («кылмыштуу топту уюштуруу», «баңгизат сактоо», «бийликтин өкүлүнө карата күч колдонуу» жана «адам уурдоо» беренелери боюнча айыптоонун 14 жыл сураганына карабастан) соттолгон белгилүү кыргыз кримтөбөлү Камчы Көлбаев болуп чыкты.

Сүрөттөгү экинчи адам — УКМКнын кызматкерлеринин бири Иляс Амангазиев. Ал 2017-жылы июлда мас абалда чоочун бирөөнүн бассейнине түшүп, чатак чыгарган жоругу менен белгилүү болгон.

Азырынча Амангазиев Көлбаев менен сүрөткө түшкөн учурунда УКМКнын кызматкери болуп-болбогону түшүнүксүз.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов сүрөттөгү адам атайын кызматтан бошотулганын «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдирди. «“Жаман жоркутар” беренеси боюнча бошоттук, башка эч нерсе айта албайм», — деди Сулайманов.

Басма сөз катчы алардын мурдагы кызматкеринин Көлбаев менен чогу түшкөн сүрөтү ачыкка чыккандан кийин же ага чейин жумуштан алынганы боюнча так маалымат берген жок. Сулайманов кошумча суроолорго жооп берип, маекти улантуудан баш тартты.

Атайын кызматтан «жаман жоруктары» боюнча бошотуу офицерлердин жумушун жөнгө салган жобонун негизинде мүмкүн — бул тууралуу 186-берененин 6-пунктунда айтылган.

«Чек жоголду»

Ошондой болсо да Амангазиевдин Көлбаев менен түшкөн сүрөтү коомдук тармактардын колдонуучуларынын кыжырын келтирди. Алар көбүнесе УКМКнын кызматкери кримтөбөл менен чогу сүрөткөн түшкөнүнө терс пикирлерди калтырышкан.

Мисалы, коомдук тармактын колдонуучусу Райкан Саякбаева «Түбөлүк эстеликке. Камчы Көлбаев менен таанышуу УКМКнын кызматкери үчүн чоң сыймык» деген мыскыл пикирин жазган. Ал эми Инжи Суракматова «күч түзүмдөрү менен криминалдык дүйнөнүн ортосундагы чек жоголду» деп кейиген.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМКны ачыкка чыккан сүрөт боюнча коомчулукка түшүндүрүп берүүгө үндөдү.

«УКМК унчукпай макул болду. Жада калса эгер мурдагы кызматкер болсо да (ал эми мурдагы УКМКчылар жана сексоттор деген болбойт), контор позициясын айтышы керек. Антпесе тымызын жумушуна кайтарып алышат», — деп жазган ал.

Комментарийлердин көпчүлүгү терс мааниде болгонуна карабастан, УКМКнын мурдагы кызматкерине болушкандар да бар. Мисалы, Александар Касымбеков аттуу фейсбуктун колдонуучусу сүрөт эки адамдын кандайдыр бир байланышы жөнүндө айгинелебейт деп жазган.

«Мисалы, мен Ысык-Көлдө байкоосуздан эле бир адам менен сүрөткө түшүп алгам, ал көрсө депутат экен. Бирок бул ал мени жаап-жашырып же мен аны сатып алдым дегенди билдирбейт да», — деп түшүндүргөн ал.

ТЕМА БОЮНЧА:

Дубайда Камчы Көлбаевдин жана дагы 11 кыргызстандыктын мүлктөрү табылды. Эмнелер белгилүү?

Камчы Көлбаев эркиндикке чыкты