Мурдагы оппозициячыл журналист Орунбеков соцөнүгүү министринин кеңешчиси болуп дайындалды

Дайырбек Орунбековдун Эмгек жана cоциалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун кеңешчиси кызматына дайындалганы 15-ноябрда белгилүү болду. Буга чейин ал экс-президент Алмазбек Атамбаевди сындап, ал менен макаласынан улам соттошуп жүргөн.

Орунбеков аны министрге кеңешчи катары «тааныш саясатчылар жана активисттер» сунушташканын «Клоопко» айтты. Журналисттин айтымында, ал Кочкоров менен жолугушуп маектешкенден кийин министр аны кызматка дайындаган.

«Кайрымдуу эл менен муктаж адамдардын ортосунда көпүрө болуп уюштуруу иштерин жүргүзүп келдим. Дайыма эмес, айрым учурларда гана. Буга чейин журналистикада жүрдүм. Коомчулук мени журналист катары таанычу», —  деп Орунбеков соцөнүгүү министрлигине дайындалышын түшүндүрдү.

Кочкоров министрлик кызматка үстүбүздөгү жылдын октябрынын аягында келген. Ал аталган жумушка бир катар чуудан кийин дайындалган.

Орунбеков президент Сооронбай Жээнбеков жетектеген бийлик Алмазбек Атамбаевдин башкаруусундагы маалга салыштырмалуу диалогго жигердүү барууда деп айтууда. Буга мисал катары журналист башка оппозициячыл активист Мавлян Аскарбековдун Бишкектин Биринчи май районунун акиминин орун басарлыгына дайындалышын келтирди.

Мурда Орунбеков Атамбаевдин режиминин сынчысы болгон. Журналист төрт жыл мурунку макаласында 2010-жылы июнда Кыргызстандын түштүгүндө болгон улуттар аралык кагылышка экс-президенттин жана башка саясатчылардын тиешеси бар деп айыптаган.

Орунбековдун макаласы сот териштирүүлөрүнө негиз болгон. Башкы прокуратура Атамбаевдин «ар-намысы жана кадыр баркын» коргоп, Орунбековду сотко берип ишти утуп алган. Журналист мурдагы президентке келтирген моралдык зыяны үчүн 2 млн сом компенсация төлөп бериши керек болгон.

Авторлошу: Элдияр Арыкбаев