Тиллаев: Мамкызматта иштеген пенсионерлер же пенсия же маяна алышсын

«Республика — Ата-Журт» фракциясынан депутат Таабалды Тиллаев мамкызматта иштеген күч түзүмдөрүнүн пенсионерлери же пенсия же маяна алышы керек деп эсептейт.

Тилллаев «Клооптун» журналисти менен телефондук маектешүүдө анын сунушу мамлекеттик кызматта иштөөнү улантып жаткан күч түзүмдөрүнүн пенсионерлерине гана тийиштүү экенин түшүндүрдү.

«Мен премьер-министрге пенсиондук фонддо реформа жүргүзүүнү сунуштадым. Бул бажыга, каржы полициясына, ИИМге, УКМКга, Коргоо министрлигине байланыштуу. Мына ушулар жогорудагыларга тийиштүү. Мисалы, генералдар 46-60 миң сом пенсия, андан тышкары иштеп, жакшы маяна алышат», — деп түшүндүрөт депутат.

Ал өз сунушу врач же мугалим болуп иштөөнү улантып жаткан пенсионерлерге тиешеси жок экенин белгиледи: «Мугалимдердин пенсиясы болгону 2800, ал эми маянасы 5000 сом гана».

Тиллаевдин айтымында, Кыргызстанда 40 миң адам бир эле кезде пенсия да, маяна да алат — муну ага Социалдык фонддун төрагасы Медер Исраилов маалымдаган.

«Эгер иштегилери келсе, анда айлык алышсын, жокпу — анда орунду бошотушсун. Алар жыл сайын 18 млрд сом мамлекеттик пенсия алышат», — деди Тиллаев.

Социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда ар бир төртүнчү пенсионер толук кандуу тамактанбайт, ал эми ар бир үчүнчүсү керектүү даарылануу акысын төлөй албайт.

Ошондуктан өлкөнүн пенсионерлеринин дээрлик жарымы иштегенге аргасыз, алардын ичинен 34 пайызы — жеке ишкерлер. Ошол эле учурда ар бир үчүнчү пенсонер өз балдарына материалдык да жардам берет.

Кыргызстанда аялдар пенсияга 58 жашында, ал эми эркектер 63 жашында чыгышат. Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда эң эле төмөн пенсия — 1800 сомго чукул. Ошол эле маалда 2018-жылдын башына карата жашоо минимуму кыйла эле өйдө — 5 миң сомго чукул. Кыргызстандын пенсионерлеринин үчтөн бири гана бул суммадан көбүрөөк төлөм алат.