Баткендин прокурору киши колдуу болду. Анын өлүмүнө мурдагы таасирдүү аткаминер шектелүүдө

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамжакыповдун зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн денеси табылды. Бул соңку айда Баткен облусунда жүз берген экинчи чоң чуулгандуу кол салуу. Ноябрдын башында өз үйүнүн жанында облустун депутатын атып кетишкен.

Эмне болду?

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун зомбулук белгилери менен өлтүрүлгөн денеси Төрт-Күл суу сактагычынын жанында табылган.

Машинадагы кан жана жоголуп кеткен прокурор

ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мурдагы таасирдүү аткаминердин машинасынан кан табылган. Бул акыркы жолу прокурор менен көрүшкөнү байкалган аткаминер болгон — Анарбай Мамажакыповду бул убакытка чейин туугандары жана кесиптештери издей башташкан.

Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт: Башкы прокуратура

Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Анарбай Мамажакыпов кай жерден жоголуп кетиши мүмкүндүгүн аныкташ үчүн бул аткаминердин жүргөн жерлеринин бардыгын изилдеп чыгууга аргасыз болушкан.

Бир күндөн кийин Төрт-Күл суу сактагычынын аймагында кан жана прокурордун буюмдары, ал жерден 500 метр аралыкта Мамажакыповдун денеси ар кандай жаракаттар менен табылган.

«Бул өзгөчө оор кылмыш болуп эсептелет. Анын денесинде ок атуунун, алдын ала маалыматтар боюнча, бычактын изи да табылган», — дейт ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев.

Азырынча ИИМ прокурор жаңжалдан улам өлтүрүлгөн, ал эми шектүү мас абалда болгон деген версияны коюуда.

Мас абалда болуу — бул оорлотуучу фактор, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн, болгондо да укук коргоо органынын өкүлү киши колдуу болууда. Эгерде прокурорду дал ошол шектүү өлтүргөнү тастыкталса, анда ал абдан чоң мөөнөткө кесилиши мүмкүн.

Шектүү кармалып, «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Мамажакыпов Баткен облусунун прокурорлук кызматына жакында эле, 2018-жылы май айында келген. Буга чейин ал Талас шаарынын прокурору болгон.

Депутатты өлтүрүү

Мамажакыповдун өлтүрүү — бул Баткен облусунда ноябрь айынын ичинде жүз берген экинчи чоң кол салуу. Мурдараак 6-ноябрь күнү өз үйүнүн жанында Жаңы-Жер айылынын депутаты Кубанычбек Баяновду атып кетишкен.

«Алар агамды дарбазаны жаап жаткан учурда артынан атып кетишиптир. Аткандарды же аткан кишини көргөн бир да күбө жок болууда», — деп билдирген депутаттын иниси Гайратбек Баянов.

Кубанычбек Баянов

Баяновду ошол күнү жакын жердеги Тажикстандын Бобожангафур районунун ооруканасына жаткырышкан. Тажикстандын врачтары Кыргызстандын аймактык депутатынын өмүрүн сактап калууга 11 күн аракет кылышканы менен 32 жаштагы Баянов кайтыш болуп калган.