Парламенттин издөөдө жүргөн мурдагы депутаты Кадыржан Батыров 4-декабрга караган түнү кайтыш болду — саясатчынын дүйнө салгандыгы боюнча маалыматты анын жакындары тастыкташты.
Жалал-Абаддык ишкер, Кыргызстандын түштүгүндөгү өзбек коомунун мурдагы лидери Кадыржан Батыров 62 жашында Украинанын Одесса облусунда дүйнө салды.
Анын жакындары саясатчы намазын окуп жаткандан кийин ойгонбой калганын «Озодлик» басылмасына айтышкан. Азырынча анын өлүмүнүн расмий себептери айтыла элек. Анын туугандарынын айтымында, экс-депутат мүлктөрү боюнча маселелерди чечүү үчүн Украинага кеткен.
Батыров 2010-жылы бийлик аны Кыргызстандын түштүгүндөгү массалык башаламандыктарды уюштурган деп айыптаган соң өлкөдөн чыгып кеткен. Тергөөнүн версиясы боюнча, саясатчы кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы этникалык араздашууну чыгаргандардын бири болгон. Ал «куралдуу козголоң» жана «улуттар аралык жаңжалды чыгарганы» үчүн сыртынан өмүр бою абакка кесилген.
Өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Батыров Швециядан саясий башпаанек алган. Ал Кыргызстандын бийлиги коюп аткан айыптарды четке каккан. Анын айтымында, башаламандыкка Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана кулатылган президент Курманбек Бакиевдин айланасындагылар күнөөлүү.
2016-жылы Батыров адам укуктарына арналган ЕККУнун Варшавадагы жолугушуусуна катышкан. Ал Кыргызстандын бийлигин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы турган оппозицияга басым көрсөтүүдө анын атын колдонуп жатат деп айыптаган. Ошондон кийин бийлик ЕККУнун Кыргызстандагы борборунун макамын төмөндөткөн.
Ош жана Жалал-Абаддагы улуттар аралык жаңжал төрт күн бою этникалык өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы кагылыш болуп турган кезде 2010-жылы июндун ортосунда тутанып кеткен.
Кыргызстандын түштүгүндөгү этникалык жаңжалды иликтөө үчүн түзүлгөн мамлекеттик жумушчу топтун акыркы маалыматына ылайык, 2010-жылдын июнундагы кагылышта 442 адам набыт болгон. Алардын 70 пайызын этникалык өзбектер түзгөн.
Эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстанды өлкөнүн бийлиги этникалык кагылыштын кесепеттери боюнча сапаттуу иликтөө жүргүзө албаган деп айыпташкан. Укук коргоочулардын айтымында, расмий иликтөө «бир тараптуу» болуп, сот териштирүүлөрү эл аралык сот адилеттигине жооп берген эмес.