Бурулайдын өлүмү: Марсбек Бөдөшов 20 жылга кесилди

Бишкектин Свердлов райондук соту Бурулай Турдалы кызынын өлүмү үчүн айыпталган Марсбек Бөдөшовду 20 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести.

Свердлов райондук сотунун судьясы Санжар Чотонов 11-декабрда Марсбек Бөдөшовду үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Андан тышкары, Бөдөшов маркумдун үй-бүлөсүнө 800 миң сом компенсация төлөп бериши керек. Ал «Ала качуу» жана «Адам өлтүрүү» беренелери боюнча соттолду.

Бөдөшов сотто чечимге макул эместигин айтты. Мыйзам боюнча, чечимди ал он күн ичинде даттана алат.

Ал эми Бурулайды ала качууга көмөк көрсөтүү үчүн Акмат Сейитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Прокуратура Бөдөшовду каталыраак жазага тартууну, тагыраагы 23 жылга эркинен ажыратууну суранган. Бурулайдын үй-бүлөсүнүн адвокаттары болсо аны биротоло өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылышкан. Ал эми Бөдөшовдун адвокаты тергөө анын күнөөсүн далилдей алган жок, негизи сот эксперти кыз өлтүрүлгөн бычактан кол тактарды алган эмес деп айткан. Бөдөшөв өзү кызды өлтүрүп жаткан учур эсинде жок экенин, бирок аны макулдугу менен ала качканын ырастаган.

  • 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызын 2018-жылы 27-майда өлтүрүп кетишкен. Милиционерлер аны ала качкан эки бала менен Жайыл РИИБне алып келишкен. Ошол жактан кыз бычак жеп, кийинчерээк кайтыш болгон. Милиционерлер аны ала качканардын бирөөсү Марсбек Бөдөшов өлтүргөн деп айтышкан. Алардын айтымында, Бөдөшов Бурулай отурган бөлмөгө кирип келип, бычак сайып, андан өзүнө да кол салган.
  • Ошол күнү кечинде Бөдөшов Бурулайды экинчи жолу ала качууга аракет жасаганы менен аны милиция кармап калган. Биринчи ала качуу 4-майда болгон, бирок анда Бурулайды үйүнө жеткирип беришкен, ал эми кыздын үй-бүлөсү милицияга арыз жазган эмес.
  • Бурулайдын өлүмү өлкөдөгү көйгөйлүү ала качуу тууралуу гана эмес, кыргыз милициясынын компетенттүүлүгү маселеси боюнча да коомдук резонанс жараткан. Президент Сооронбай Жээнбеков жеке өзү кыздын өлүмүн дыкат иликтөөнү тапшырган.