Депутаттар батыш жана жапон визалары бар чет элдиктер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунушташууда. Күч түзүмдөрү ага каршы

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары учурда АКШ, Жапония, Улуу Британия жана Евробиримдик өлкөлөрүнүн визалары бар чет элдиктер үчүн визасыз режим киргизүүнү сунушташууда. Бирок ИИМ менен УКМК мындан улам Кыргызстанга качкындар менен экстремисттер агымы көбөйүп, ал эми өлкө эгемендигин жоготуп алат деп кооптонушууда.

25-декабрда визасыз режим жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун экинчи окууда парламенттин тармактык комитетинде жактырышты. Бирок 27-декабрда мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин пленардык жыйынын күн тартибине кирбей калган. Өзгөртүүлөрдүн демилгечиси депутат Дастан Бекешев парламентке президенттин аппараты басым кылып коёт деп шек саноодо.

«Президенттин аппараты мамбашкарууда чоң роль ойнойт, бирок, балким президент өз аппаратынын аракети жөнүндө деле билбеши мүмкүн. Мен бул өзгөртүүлөрдүн жылышына аракеттенем», — деди депутат.

Материалды жарыялоо учурунда президенттин аппараты менен байланышууга мүмкүн болбоду.

Бекешев өзгөртүүлөрдүн демилгечилеринин бири катары АКШ, Жапония жана Евробиримдиктин визасы бар чет элдиктерге Кыргызстанда виза алуу талап кылынбасын каалайт.

Парламенттик комитет тарабынан мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда бир катар депутаттар Кыргызстан экстремисттер менен качкындардын агыманан запкы жеп, натыйжада эгемендигин жоготуп алышы мүмкүндүгүн айтып чыгышты. Ушундай эле пикирди ИИМ менен УКМКнын өкүлдөрү да карманышат.

«Биз башка өлкөлөргө эгемендиктин бир бөлүгүн берип жаткан жокпуз, биз мындай кадам менен өзүнүн финансылык жактан камсыздалганын тастыктаган, чет элдик атайын кызматтар тарабынан текшерилген, өнүккөн өлкөдө жашап калбаган ишеничтүү чет элдиктерди тарткыбыз келет. Биз, прогрессивдүү депутаттар, туристтердин эсебинен өлкөбүздө жумуш ордулары пайда болушун каалайбыз», — деп жазган Бекешев фейсбук барагында.

• 27-декабрда депутат Экмат Байбакпаев Ысык-Көлгө келгиси келген чет элдиктер үчүн өзүнчө визаларды киргизүүнү сунуштаган. Ал Египеттин Шарм-Эль Шейхин мисал келтирген. Ал жакка визаны чет элдиктер жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте жана акысыз тариздетип ала алышат.

• Кыргызстанда 45 өлкөнүн жараны үчүн визасыз тартип иштейт. Алардын ичинде Орусия, Украина, Түркия жана Казакстан бар. Дагы 67 өлкөнүн жараны Кыргызстанга визаны жеңилдетилген тартипте ала алышат.