Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилик кызматынан алынды

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын элчиси болуп 2014-жылдын 31-декабрынан тарта иштей баштаган. Аны бул кызматка экс-президент Алмазбек Атамбаев дайындаган. Токтогуловдун отставкага кетишинин себеби азырынча белгисиз.

Кадыр Токтогуловду кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка 14-январда президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Аны кызматтан алууга эмне себеп болгону жарлыкта айтылган эмес.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистине президенттин басма сөз кызматы менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

2018-жылы апрелде Жогорку Кеңеш Токтогуловго эскертүү берген. Депутаттардын айтымына караганда, кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү Кыргызстандын АКШдагы элчилигинин кызматкерлеринин дарегине көп арызданышкан. Андан тышкары, эл өкүлдөрү буга чейин Токтогулов аткарган иштери тууралуу эки жыл отчёт бербей жүргөнүнө нааразы болушкан.

2019-жылы 10-январда парламентте Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси кызматына жаңы талапкер келгенин маалымдашкан. Ал талапкер — учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп иштеген Болот Отунбаев болгон. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча парламент комитети Отунбаевдин талапкерлигин 15-январда карап чыгат.

Кадыр Токтогулов Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси болуп 2014-жылдын 31-декабрынан бери иштеп келген. Аны бул орунга экс-президент Алмазбек Атамбаев дайындаган. Токтогулов 2011-жылдан 2014-жылга чейин мурдагы президенттин басма сөз катысы да болуп иштеген. Мамлекеттик кызматка дайындалганга чейин ал эл аралык Associated Press маалымат агенттигинин Бишкектеги жана Wall Street Journal агенттигинин Алматыдагы кабарчысы болуп эмгектенген.