КСДП: ЖЭБ иши боюнча келтирилген зыяндын суммасы «ойдон токулган»

Экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын жыйынында

Бул тууралуу Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Ал башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун мурдагы премьер Сапар Исаков тууралуу айткандарын «примитивдүү жана сотко далили жок кысым көрсөтүү» деп атады. Буга чейин башкы прокурор Бишкек ЖЭБдин көпчүлүк бөлүгүн 386 млн. доллардын ордуна 50 млн. долларга эле жаңыртууга мүмкүн болчу деп айтканы бар.

Жолдубаеванын айтымында, башкы прокурор ЖЭБди жаңыртуу жөнүндө иш боюнча айыпталгандардын үстүнөн жүрүп жаткан сот процессине кысым көрсөтүүдө.

«Бийликке ушинтип кысым көрсөтүү пайдалуу [...] Биринчиден, келтирилген зыяндын суммасы анык эле ойдон токулган. Экинчиден, Сапар Исаков спикер, премьер-министрлер жана башка адамдарды мыйзам бузганга кыстаганы боюнча эч бир далил жок. Үчүнчүдөн, эгер аларга бирөө кысым көрсөтсө дагы алардын бул мыйзамды бузганга укуктары бар беле?» — деди ал.

Жолдубаева ЖЭБди жаңыртуу үчүн жоопкерчилик ошондой эле парламенттин спикери жана тармактык комитеттердин да төрагаларында болушу керектигин айтууда.

«Ооба, азыр алар суудан кургак чыгып кетип атышат, бирок эртеби же кечпи жооп берүүгө туура келет [...] Тергөө бул жылдар аралыгында [ЖЭБди жаңыртылып атканда] өлкөдө бир гана президенттик аппарат иштеген, ал эми парламент менен өкмөт, спикерлер жана премьерлер таптакыр иштешкен эмес, болгону кыңк этпей мыйзамдарды бузушкан деп эсептейт», — деп билдирди Жолдубаева.

Анын айтымында, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун дарегине башкы прокурор Жамшитовдун айткан айыптоолору «тергөөчүлөрдүн фантазияларына» негизделет.

«Эксперт атыккандар кечээки эле ЖЭБди жаңыртуу боюнча иштердин 90 пайызын 50 млн. долларга эле бүтүрсө болот деп айткандарын алгыла. А бул болсо электроэнергияны өндүрүү боюнча гана ЖЭБдин кубаттуулугун 300 мегаваттка арбытуу болгон!» — деп айтып берди КСДПнын басма сөз катчысы.

Башкы прокурор: Бардыгына Исаков күнөөлүү

14-февралда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламенттин жыйынында ЖЭБдин 90% 50 млн. долларга эле жаңыртылышы мүмкүн болчу, бирок иштердин бардагына Кыргызстан 386 млн. доллар короткон деп билдирген. Эмне үчүн Жамшитов жарым-жартылай же толугу менен жаңыртуунун баасын салыштырып жатканын башкы прокуратурадан түшүндүрүп бере алышкан жок.

Башкы прокурордун айтымында, Жамшитовдун айтымында, ЖЭБди жаңыртуу үчүн жоопкерчилик экс-премьер-министр Сапар Исаковдун мойнунда. Анын пикири боюнча, «долбоор боюнча чечимдерди» Исаков кабыл алып, андан тышкары «жабдууларды кайдан алуу керектигин» айтып турган.

Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов «Марал ФМ» радиосунун журналисттерине курган маегинде анын коргоого алган адамын далили жок эле «ЖЭБди жаңыртуу иши боюнча мафиянын башчысы» деп аташканын айткан.

Юристтин айтымында, Бишкек ЖЭБди жаңыртуу боюнча ишинде «чоң жалганчылык бар», анткени 2013-жылы бул долбоор боюнча акыркы чечимдерди Сапар Исаков эмес, учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков башкарып турган парламент кабыл алган.

Токтакунов жаңыртуу үчүн жоопкерчилик жаңыртуу долбоорун карашкан үч парламенттик комитеттин депутаттарынын мойнунда деп деп эсептейт. Алар: Кожобек Рыспаев, Каныбек Иманалиев, Курманбек Дыйканбаев жана Ахматбек Келдибеков.

Токтакунов алардан тышкары мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жана мурдагы премьер Жантөрө Сатыбалдиевди да күнөөлү деп эсептейт. Жактоочу түшүндүргөндөй, Артыкбаев ЖЭБди жаңыртууга байланыштуу мыйзам долбоорлор боюнча коомдук талкууларды өткөргөн эмес, ал эми экинчиси «шалаакылык кылып», мыйзам бузуулар менен даярдалган жаңыртуу тууралуу мыйзам долбоорду коё берген.

Бишкек ЖЭБди жаңыртуу

Парламенттин депутаттары Бишкек ЖЭБди жаңыртууга кеткен чыгымдарга 2018-жылы январда ал жакта болгон авариядан кийин көңүл бура башташкан.

Бул үчүн парламенттик комиссиясын түзүшүп, ал 2018-жылы май айында өз иликтөөсүнүн жыйынтыктарын жарыялаган. Отчётто жазылгандай, жаңыртуунун баасы «кымбаттатылган», ал эми долбоорду ишке ашыруу мыйзам бузуулар менен өткөн.

Учурда жылуулук борборун жаңыртуу иши боюнча фигурант катары мурдагы каржы министри Ольга Лаврова, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, андан тышкары, экс-премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев жана Сапар Исаков өтүшүүдө.