Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоого КСДПны баштап барат

Алмазбек Атамбаев. Сүрөт: КСДПнын басма сөз кызматы

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо КСДПдан талапкерлердин тизмесин баштап чыгат. Бирок эки жыл мурда эле Атамбаев президенттик кызматтан кеткенден кийин «саясатка барбайм» деп айтканы бар болчу.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) мүчөсү Асел Кодуранова 22-февралдагы басма сөз жыйынында билдиргендей, экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПдан талапкерлердин тизмесин баштап чыгат.

Экс-президент өзү социал-демократтарда кайра жандануу болуп жатат жана партиянын жетекчилигин башка адамга берем деп айткан. Бирок качан экенин тактаган эмес.

«Мен түбөлүктүү эмесмин, бул жылы мен 63 жашка чыгам. Мамлекетти башкарган кезимдегидей эле бир күнү партияны да өткөрүп берем. Бирок партияны ким башкарса да мен ишенем, партия өзүнүн духун, жүрөгүн сактап калат», — деп билдирди экс-президент.

Атамбаев саясаттан кантип кетип, кайра кантип кайтты?

2017-жылы президенттик кызматтан кетээрге бир нече ай калганда Алмазбек Атамбаев эми «саясатка барбайм» деп айткан.

Бирок 2018-жылдын мартында Атамбаевди КСДП партиясынын төрагасы кылып шайлашкан — анда ал «туугандык башкаруунун кайтып келүүсүн болтурбоо» үчүн «саясатка барууга аргасызмын» деп жарыялаган.

Атамбаевдин саясатка кайтып келүү тууралуу айткандары анын мураскери Сооронбай Жээнбеков менен болгон жаңжалдын шартында жүз берген. Алгач Жээнбеков Атамбаевдин коррупцияга каршы саясатын сынга алган. Ал эми экс-президент жооп иретинде Жээнбековду бажыдагы коррупцияга шектелген Райымбек Матраимовго жан тартып жатат деп айыптаган.

Араздашуунун шартында Жээнбеков Атамбаевдин дээрлик бардык тарапташтарын бийликтеги маанилүү кызматтардан бошоткон. Кызматтан кеткендердин катарын экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимов, мурдагы башкы-прокурор Индира Жолдубаева жана УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев толуктаган.

Исаков өкмөт башчылыктан кеткенден кийин ЖЭБди жаңыртуудагы коррупция иши боюнча айыпталган. Исаковдон тышкары, коррупция иштерине Албек Ибраимов, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов да айыпталуучулар катары өтүшүүдө.

Авторлору: Эмил Султаналиев, Айдай Эркебаева