Бир кадр менен: Жалал-Абадда Нооруз майрамына карата аянттагы иш-чарага жука кийимчен окуучулар тартылган

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянты. Нооруз майрамы. Сүрөт: Талгат Абдракманов

Маалымат саат 16:30да жаңыртылды

Фейсбуктун Талгат Абдракманов аттуу колдонуучусу 21-мартта өз баракчасына Жалал-Абад шаарынын аянтына Нооруз майрамын белгилөө үчүн чыгарылган мектеп окуучуларынын сүрөтүн жарыялады.

«Жалал-Абад шаарынын мэри өлкөдө болбогон сүмөлөк майрамын уюштурам деп, күндүн суугунда окуучуларды жалаң футболкачан калтыратып, үшүтүп, борбордук аянтка чыгарды», — деп жазган ал.

Сүрөттөн болжолдуу 5-6 класстын окуучулары жука кийингендиктен, үшүп-тоңуп турушканын көрүүгө болот. Ал эми аянтка келген башка көрүүчүлөр жылуу кийимчен экени байкалат.

Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунун башчысы Азамат Жээнбеков «Клоопко» майрамдык иш-чарага 6-7-класстын 100гө жакын окуучусу катышканын тастыктады.

«Биз шаардык билим берүү башкармалыгына байланышып “эмнеге чыгардынар” десек, Нооруз майрамына арналган иш-чарада тарбиялык маани болгондугу үчүн катыштырышканын айтты. Ал жерде окуучулар сырты кийимин бийлеген учурда гана 3-5 мүнөткө чечип турушкан», — деди Жээнбеков.

Бул бийлик өкүлдөрүнүн мектеп окуучуларын расмий иш-чараларга тартуу боюнча биринчи эле учуру эмес. Буга чейин 2018-жылдын сентябрында вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кара-Суудагы мектептин ачылышына барган учурда жогорку мансаптагы конокторду күтүүдө күндүн ысыгынан улам айрым окуучулар өздөрүн начар сезишкен.

Андан көп өтпөй эле Өмүрбекова мектеп окуучуларынын расмий иш-чараларга тартылуусуна тыюу салам деп убада кылган.

Авторлошу: Айдай Беделбек кызы