Саясатчы Талгарбеков экс-президент Атамбаевден 17 млн сом талап кылат

Бекболот Талгарбеков. Сүрөт: Res Publica

«Элдик парламент» кыймылынын лидери Бекболот Талгарбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевди сотко берип, андан 17 млн сом компенсация талап кылат. Атамбаевдин тушунда Талгарбеков бийликти басып алуу аракети боюнча айып менен 14 жылга соттолуп, андан үч жыл өткөн соң эркиндикке чыккан.

Талгарбеков «Клоопко» билдиргендей, моралдык зыяндын өлчөмүн 17 млн сомго баалаган, анткени мамайыптоо аны 2016-жылы 17 жылга камоону суранган. Натыйжада анын жаза өтөө мөөнөтү 14 жылга чейин кыскартылган. Талгарбеков Атамбаевдин үстүнөн арызды кийинки жумада берүүнү пландоодо.

«Атамбаев мурда деле жана жакын арада “Апрель” телеканалына курган маегинде да мени мамлекеттик төңкөрүш жасайт деп айыптады [...] мунун баары чындыкка коошпойт», — деди ал.

Саясатчы ошондой эле «Дело №» гезити менен да соттошмокчу. Андан тышкары, КТРК телеканалын андан кечирим суроону талап кылат. Талагарбеков гезит менен телеканал анын «ар-намысы менен кадыр-баркына шек келтирген маалыматтарды жайылткан» деп эсептейт.

Талгарбеков 9-мартта бошотулуп, ал мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыккан. Ал «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча акталганы менен «Улуттук кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып калтырылган.

Учурда Атамбаев КСДП партиясын жетектейт. Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» партиясынын басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаева менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

Талгарбеков деген ким?

Бекболот Талгарбеков — 2016-жылы түзүлгөн «Элдик парламент» бирикмесинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Кыймыл ошол учурда президент болуп турган Алмазбек Атамбаевдин отставкасын талап кылган. Атамбаев өзү «Элдик парламенттин» катышуучуларын «чет элдик генералдар менен байланыштыгы бар» деп айыптаган.

Талгарбеков менен кыймылдын дагы башка катышуучуларын бийликти митинг аркылуу басып алуу боюнча ыктымал телефондук сүйлөшүүлөрү интернетте тарап кеткенден кийин 2016-жылы кармашкан. Натыйжада Талгарбеков жана бирикменин башка катышуучулары беш жылга шарттуу түрдө кесүү мөөнөтүнөн тарта 14 жылга чейин эркинен ажыратуу абак жазасын алышкан.