Мырзакматов «Атамбаевдин жакын адамдары» актоочу өкүм үчүн 500 миң доллар талап кылышканын айтып чыкты

Ош шаарынын экс-мэри. Сүрөт: Мырзакматовдун фейсбуктагы жеке барагынан 

Ош шаарынын экс-мэри Мэлис Мырзакматов «Жаңы Ордо» гезитине курган маегинде билдиргендей, кыргыз бийлиги андан Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин убагында Жогорку соттун актоочу өкүмү үчүн 500 миң доллар талап кылган.

«Жогорку соттун алгачкы чечиминен кийин ошондой сунуштар болгон. Жогорку соттун экинчи чечими да чыккандан кийин такыр куру жалак калгандан көрө дештиби, же бийликтен кетээрде менден да бирдеме өөнөп калалы дештиби, айтор, бул сапар 250 000 (эки жүз элүү миң) доллар сурашты. Биринчиден, менде мындай акча жок; экинчиден, Жогорку соттун биздин актыгыбызды түздөн-түз тастыктаган эки чечими турат дедим», — деди Мырзакматов.

Мырзакматовдун айткандарынын чындыгын текшерүү оор. Ал «Жаңы Ордого» курган маегинде акча талап кылган адамдардын эч биринин аты-жөндөрүн ачыктаган эмес.

КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Мырзакматовдун жазгандарын «итке талатуу» деп атады. Ал мурдагы мэр эмне үчүн конкреттүү ысымдарды атабай жатат деп суроо салды. «Дал кайсы аткаминерлер? Мырзакматов айтсын. Ошол аткаминерлер жооп берсин [...] Бул жөн эле итке талатуу», — деди ал.

Мырзакматовго каршы кылмыш иши 2014-жылы ноябрда козголгон. Мурдагы мэр Оштогу эстакадалык көпүрөнү курууда кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чапкан делип айыпталган.

Кылмыш куугунтугу башталгандан кийин Мырзакматов Кыргызстандан чыгып кеткен. Бирок бул сотко аны сыртынан жети жылга эркинен ажыратууга жолтоо болгон эмес.

Мырзакматовдун карьерасы

Мырзакматов 2009-2013-жылдары Ош шаарын жетектеген. Ал 2010-жылы апрелде президент Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылгандан кийин, андан тышкары, ошол эле жылы жайында өлкөнүн түштүгүндө болгон улуттар аралык жаңжалдан кийин өз кызматын сактап кала алган.

2013-жылы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Мырзакматовду Оштун мэри кызматынан бошоткон. Андан кийинки жылы Мырзакматов кайрадан Ош шаарынын башчысына шайланууга аракет жасаган, бирок өкмөтчүл талапкер Айтмамат Кадырбаевге утулуп калган.

Мырзакматов өзү ал Атамбаев менен анын партиясынын саясий багытын колдобогондугу үчүн аны кызматтан бошотушканын билдирген.

2019-жылы жайында Мырзакматов өзүнүн «Улуттар Биримдиги» партиясынын ишмердүүлүгүн жандантып, 2020-жылы өтө турган парламенттик шайлоого даярдыгы жөнүндө жарыялаган.

Авторлошу: Асел Осмонгазиева