Якутскта кыргыз мигранттарына карата коркутуулар токтоду — диаспора

Иллюстративдик сүрөт

«Якутия боюнча жалпы орусиялык кыргыз конгресси» аймактык бирикмесинин төрагасы Жазбек Бекболиев «Клоопко» билдиргендей, 25-мартка карата «кырдаал турукташып калды» жана кыргыз мигранттары жумуштарына чыгышты.

«Мигранттарга карата коркутуулар токтоду» — азыр укук коргоо органдары ыкчам иш алып барышууда. Видеолордо мигранттарды коркуткандарды, алар өздөрүн видеого тартышпаса деле изи сууй электе кармашууда», — деди Бекболиев.

Полиция жашылча жер-жемиштерди сатуу боюнча дүкөндөрдү талкалаган жергиликтүү тургундарды 20-март күнү кармай баштаган. Ошондой эле мессенжерлерде адамдарды уруксат берилбеген митингдерге чыгууга үндөгөндөр административдик жоопкерчиликке тартылды.

Якутскта мигранттарга карата кырдаал 18-март күнү шаарда жергиликтүү тургунду зордуктоого шектелген Кыргызстандын атуулу кармалган учурда начарлап кеткен. Ал күнөөсүн моюнга алган көрсөтмө берген. Бир нече күндөн кийин дагы эки кыргызстандык зордукталган кызды «эркинен ажыратууга» шектелип кармалган.

Зордуктоого шектелген кыргызстандык кармалгандан кийин шаарда масштабдуу митинг өтүп, бийлик эмгек мигранттарынын арасында пландан тышкаркы текшерүүлөрдү баштаган. Кыргыз мигранттарынын бир бөлүгү коопсуздуктарынан кооптонуп жумуштарына чыкпай коюшкан.

Коомдук тармактарда мигранттардын дарегине коркутуулар айтылган жана талкалоолор тартылган видеолор тарап, ал эми WhatsApp тайпаларында мигранттар көрсөткөн кызматтардан баш тартууга чакырган үгүттөр айтылган.