Бишкекте арыктардагы таштандылардын айынан бир нече көчөнү суу каптады — видео

28-мартта жаан-чачындан кийин Бишкектин бир нече көчөсүн суу каптады. Ага жер алдындагы суу агызгыч түтүктөрү менен жол боюндагы арыктарга толуп калган таштандылар себеп болгон.

Мэриянын кызматкерлери көйгөйдү бир нече сааттан кийин чечишкен, бирок машиналардан калган ондогон мамлекеттик номерлерди табышкан. «Тазалыктын» басма сөз кызматы өз номерлерин жоготуп алган айдоочулардан үн катууну суранат.

https://www.facebook.com/jibek.karakeeva/posts/2279190882148051