Кулатылган президент Бакиев Минскте козу жеп жатат — видео

Коомдук желеде Кыргызстандын кулатылган президенти Курманбек Бакиев козу жеп жатканы тартылган видео жарыяланды. Бул Минсктеги «Астория Риверсайд» ресторанында болгон.

Видеодо «Астория Риверсайд» ресторанынын ашпозчусу Бакиевдин жана болжолдуу анын үй-бүлөсүнүн алдында козуну устакандап жатканын көрүүгө болот. «Супер-Инфо» басылмасы Бакиев менен кошо кыргыз ырчысы Орозгүл Токторбаева да отурганын жазат.

Бакиев 2010-жылдагы апрелдик революциясынан кийин Кыргызстандын президенттик кызматынан кеткен. Ал өз үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо өлкөнүн чет жакасына качып, кийинчерээк Минсктен башпаанек алган.

Кыргызстандын Жогорку соту Бакиевди, күч түзүмдөрү анын буйругу боюнча митингчилерге каршы курал колдонгондугу үчүн сыртынан 30 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган. Ок чыгаруунун натыйжасында 80ден ашуун адам набыт болгон.