Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Десятников мандатын тапшырды — мурда ЖМКлар анда орус жарандыгы бар деп жазышкан

Павел Десятников

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов Kaktus.Mediaга билдиргендей, Павел Десятников мандатты тапшыруу тууралуу арызды 4-апрелде тапшырган. Анын айтымында, Десятников өз чечимин ден соолугунун абалына байланыштырган — анда кант диабети бар.

«Кош жарандуулугу жөнүндө маалыматтар чыккан соң ал аймактык шайлоо комиссиясына чакыртылган, бирок ден соолугуна, иш сапарларына байланыштуу келген эмес. Өз каалоосу менен мандатты тапшыргандыктан, анын жарандыгына байланыштуу маселени комиссия териштирбейт», — деди ал «Азаттыкка».

Орусиянын жараны Павел Десятниковдун аты жазылган паспорттогу сүрөттү социалдык тармактарда 19-мартта жайылтып башташкан. Бирок эл өкүлү анда орус жарандыгым жок деп айтып чыккан.

Десятников Бишкек шаардык кеңешинде депутат болуп 2009-жылы иштей баштап, үч чакырылыш бою ал жакта иштеген.

2018-жылдын декабрь айынын аягында Бишкек шаардын кеңешинин дагы бир депутаты мандатынан ажыраган — Жусупбек Коргонбай уулунда да орус жарандыгы табылган.