Башкы прокурор: Бабанов дагы деле эки кылмыш ишинин фигуранты

Өмүрбек Бабанов

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде парламентте билдиргендей, мурдагы президентикке талапкер Өмүрбек Бабановго каршы кылмыш иштери дагы деле иликтелип жатат. Анын айтымында, бул иштин үстүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) иш алып барууда.

Анын билдирүүсү Бабановдун Кыргызстанга кайтып келиши ыктымалдыгынын шартында айтылды. Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде учуп келем деп убадалаган, бирок акырында кайтып келүү убактысын белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Саясатчынын тарапташтары Бабановду колдоо митингдерин Кыргызстан боюнча уюштурууну каалашкан, бирок чагым чыгып кетиши мүмкүндүгүнөн улам акция өткөрүүдөн баш тартышкан.

Буга чейин УКМК Бабанов эгер Кыргызстанга кайтып келсе кармалаарын айткан. Ошол эле учурда атайын кызматтар Орусиянын бийлигинен Бабановду өлкөгө экстрадициялоону суранышкан эмес.

Мурдагы президенттикке талапкер жана бизнесмен Өмүрбек Бабанов өзүнө каршы кылмыш иштерди «сандырак» жана «саясий жүйөөлүү» деп атаган.

Ал 2017-жылдагы президенттик шайлоодон утулуп калгандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Бабанов өлкөдөн чыгып кеткенин ден соолугун чыңдап жүргөнү менен түшүндүргөн. Кийинчерээк ал депутаттык мандатын тапшырып, «Республика» партиясынын дилерлик кызматын тапшырып, саясаттан кетип жатканын жарыялаган.

Бабанов өзүнүн НТС телеканалына курган акыркы интервьюсунда анын саясаттан жана өлкөдөн чыгып кетиши экс-президент Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков менен болгон сүйлөшүүлөргө байланыштуу экенин билдирген. Бабановдун айтуусу боюнча, Атамбаев менен Жээнбеков саясатчыга карата кылмыш иштерди токтотууну убадалашкан.