Юстиция министрлиги КСДПнын жетекчиси деп Сагынбек Абдрахмановду каттады. Партиядан муну «бийликтин ведомствого басымы» деп аташты

Юстиция министрлиги Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) башчысын Алмазбек Атамбаевден «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахмановго өзгөрттү.

Ведомстводон билдиришкендей, юридикалык жактын реестрине өзгөртүүнү Сагынбек Абдрахмановдун арызы боюнча киргизишкен. Ал жетекчи жана саясий партиянын жайгашуусу тууралуу маалыматты өзгөртүүнү сураган.

«Буга партиянын 18-съездинин протоколунун көчүрмөсү жана жаӊы жетекчи Сагынбек Абдрахмановдун паспортунун көчүрмөсү тиркелген», — деп айтылат Юстиция министрлигинин билдирүүсүндө.

Ошондой эле юстиция министрлигинен кабарлашкандай, ведомствого берилген маалыматтардын тууралыгына билдирүүчү, тагыраагы Абдрахманов жооптуу.

КСДПнын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина муну партияга карата «бетпактык жана уятсыз» мамиле деп атады. Анын айтымында, юстиция министрлигин «басым көрсөтүү» менен каттоо документтерин өзгөртүүгө мажбурлашкан.

«Учурдагы президентти бийликке дал ошол КСДП алып келген, дал ошол бизге мандат берген. Бүгүн укуктук талаа утулуп жатат. Бийликтин алсыздыгы ал уялбастан Юстиция министрлигин КСДПнын каттоо документтерине өзгөртүү киргизүүгө аргасыз кылганында болууда. Барынан да басым менен каттоо жүргүзүшкөн болушу ыктымал. Аны КСДПнын жетекчиси кылып каттагыдай Сагынбек Абдрахманов деген ким өзү?», — деп билдирди Ирина Карамушкина.

Сагынбек Абдрахманов — «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери, кыймылдын 3-апрелдеги съездинде ал партиянын төрагасы болуп шайланган.

Социал-демократтардын партиясынан билдиришкендей, бул чогулуштун «КСДПга эч кандай тиешеси жок». «Бул маскарапоздордун шоусу жана ал бүгүн таш жалак болду», — деп билдирген басма сөз катчы Кундуз Жолдубаева.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон.

Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өлкөнүн башкы партиясындагы революция: КСДПда эмнелер болгон жана өйдө жакта эми ким турат?