Баткен облустук соту кызматтык унаанын «Айгүл-Тоо» коругунда жүргөнүн тастыктады

«Айгүл-Тоо» ботаникалык коругундагы облустук соттун унаасы. Сүрөт: Медербек Ниязалиев

18-апрелде коомдук тармактарга Баткен облустук сотунун кызматтык унаасы «Айгүл-Тоо» ботаникалык коругуна кирип барганы туурасында сүрөт жарыяланган. Соттон кызматтык унаасы күзөтчүнүн уруксаты менен киргенин билдиришти.

«Азаттыктын» журналисти Медербек Ниязалиев 18-апрелде өзүнүн фейсбуктагы баракчасына Баткен облустук сотунун кызматкерлери кызматтык унаасы менен «Айгүл-Тоо» коругунун аймагына кирип барган сүрөтүн жарыялаган.

«Сотторго баары мүмкүнбү? Эл эс алган жерде кызматтык унаа менен [жүрүшөт]. Баткен облустук сотунун кызматтык унаасы окшойт. Мындай болсо биз кантип «Айгүл-Тоого» туристтерди тартабыз», – деп жазган журналист.

Облустук соттун бөлүм башчысы Шекербек Мамажусупов «Айгүл-Тоо» коругуна соттун кызматтык унаасы кирип барганын тастыктады. Бирок, ал «Клооптун» журналистине сот кызматкерлеринин корукта эмне кылып жүргөнү боюнча суроосуна  жооп берген жок.

«Кызматтык унаа ал жерге азык-түлүк таштоо үчүн барган. Коруктун күзөтчүсүнүн уруксаты менен жол аркылуу барып эле кайра чыккан. Ошол убакта сүрөткө тартып алышыптыр», — деп түшүндүрдү Мамажусупов.

«Айгүл-Тоо» ботаникалык коругунун жалпы аянты 254 гектар. Ал 1978-жылы корукка алынып, айгүл гүлү кызыл китепке киргизилген. Коруктун аймагына автоунаа менен кирүүгө тыюу салынган.