Тендер учурундагы коррупция жана бузуулар. УКМК МККнын аткаминерлери эмне боюнча айыпталып жаткандарын түшүндүрдү

Материалдын редактору Анна Капушенко бул иш боюнча күбө катары өтүп жатат. Ал — болуп өткөн тендерлерде утулуп калган компаниялардын же адамдардын даттанууларын коомдук башталышта изилдеген комиссиянын мүчөсү. Бул материалдын мазмунуна таасир эткен жок.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) «Инфокомдун» директору Талант Абдуллаевге, Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) башчысынын мурдагы орун басары Русланбек Сарыбаевге жана ведомствонун статс катчысы Данияр Бакчиевге коррупция боюнча шек такты. Аткаминерлер 15-июнга чейин УКМКнын тергөө изоляторунда (ТИЗО) камакта болушат.

Тергөөнүн версиясы боюнча, МККнын биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыялаган тендерин уюштурууда «коррупциялык көрүнүштөрдүн белгилери» жана «билип туруп пайдасыз келишим түзүү тобокелдиги» болгон.

«Интернет тармагындагы маалыматтарга караганда, тендерден уткан компания Европа өлкөлөрүнүн биринде коррупциялык схемаларга катышкандыгы боюнча шектелип, тергөө амалдарына катыштыгы бар. Ошондой эле, аталган компания персонификацияланган паспортторду чыгарууга жана андан тышкары жеке маалыматтарды поликарбонаттык баракчаларын даярдоодо тажрыйбасы жок болгон», — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.

Тергөө билдиргендей, Абдуллаев тендерди уткан Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен 2016-жылы Лондондо таанышкан. УКМКнын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы келечектеги тендер маселелери боюнча Абдуллаев менен фирма өкүлдөрүнүн ортосунда «ишенимдүү мамилелер орногон».

«МККнын азыркы иштеп жаткан айрым жетекчилери утуп алган компаниянын өкүлдөрү менен туруктуу байланышта болуп, алардын эсебинен бир нече жолу чет өлкөгө барып келишкени такталган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Тендер учурундагы эреже бузуулар

УКМКнын маалыматына ылайык, тендердик комиссия катышуучулардын билдирмелерин «объективдүү» караган эмес.

Комиссия катышуучулардан конкурстук билдирмеде башка өлкөлөргө паспортторду жеткирүү боюнча түзүлгөн келишимдерин көрсөтүүлөрүн талап кылган. Бул маалымат купуя болуп эсептелинет. УКМКнын маалыматына ылайык, эл аралык практикада мындай талаптар «колдонулбайт».

Ошол эле маалда сатып алуучу уюм өзү катышуучулардан купуялуулуктун ушундай эле шарттарын сактоону талап кылган. Бул талаптардын айынан кээ бир компаниялар конкурска катышпай коюшкан.

Тендердин жыйынтыктары жарыялангандан кийин конкурстук комиссиянын чечимине канааттанбагандар ведомстволор аралык комиссияга даттанып кайрылышкан. Бирок, МККнын кызмат адамдары менен Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин кызматкерлери комиссиянын ишмердигине «кийлигишип» коюшкан.

«Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү катышуучулардын арызын карап чыгып, алар негизсиз четтетилген жана өткөрүлгөн тендердин процедуралары көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолгон деп расмий корутунду чыгарган. Ошондой эле, үнөмдүүлүк принциптери эсепке алынган эместигин айтышкан», — деп айтылат УКМКнын пресс релизинде.

УКМК эгер Garsu Pasaulis компаниясы менен келишимге кол коюлганда, жарандар үчүн жаңы үлгүдөгү паспорттун баасы 585 сомдү түзүп, конкурстан четтетилген компаниянын сунушунан 165 сомго кымбатыраак болуп калмак деп ырастоодо.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы октябрда жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен.

УКМКнын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан. МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан деп билдирген.

Ошондой эле МККдагылар Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес деп эсептешет.