Жалал-Абад облусу: Кербенде КСДПнын шаардык кеңештеги депутатын токмоктоп кетишти

Жалал-Абад облусунун ИИБинен «Азаттыкка» билдиришкендей, 8-апрелде белгисиз адам КСДПнын Кербен шаардык кеңешиндеги депутаты Ыманалы Сариевди токмоктоп кеткен.

Милициянын маалыматы боюнча, жергиликтүү тургун депутатка таш ыргыткан — депутат баш мээсинен жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Укук коргоо органдары «бейбаштык» фактысы боюнча иликтөө баштады. 

Ыманалы Сариев ташты ал тарапка «мас абалындагы» айылдашы ыргытканын «Клоопко» билдирди. Ал бул окуяны анын депутаттык мандаты менен байланыштырбайт.

«Ооруканадагы башымды тигип жаткан врачтар милицияга кабар беришти. Ал айылдашым менен ошол бойдон сүйлөшкөн жокмун, бирок аны тааныйм. Анын бул кылганынын депутаттыгыма тиешеси бар деп эсептебейм, жөн гана мастыкка салды болуш керек», — деди Сариев.

Депутатты токмоктоо социал-демократиялык партиянын бийлик тарабынан басым болуп жатат деген билдирүүсүнүн шартында орун алды.

Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде КСДП өлкөнүн негизги партиясы болгон. Партия Атамбаевди колдоп, өлкөнүн саясий күн тартибин аныктоодо чоң роль ойноп турган. Атамбаев өзү ошол кезде КСДП — бул «президентчил партиясы» деп ачык жарыялаган.

Азыр — КСДПнын ичиндеги чатактар менен Атамбаевди колдогондор жана ага каршы чыккандар деген бөлүнүүлөрдөн улам партияны бийликчил деп бир тараптуу айтууга болбойт.

Авторлошу: Айдай Манаева, Айдай Беделбек кызы