Баткен: Кыргызстандык окуучуну кармап кеткен тажик жараны кармалды

Тажикстандын Ворух анклавынын кире бериши. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Баткен облусунун чек арага чектеш Ак-Сай айылынын 8 жаштагы тургунун Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочусу 22-апрелде алып кетип, күч түзүмдөрүнө өткөрүп берген. Тажикстан тарап 2-класстын окуучусун жарым сааттан кийин кайтарган.

Кыргызстандын чек ара кызматынан маалымдашкандай, Тажикстандын жараны кечки саат 21:00дөр чамасында шарттуу чек ара аймагында турган кыргызстандык баланы мыйзамсыз өз аймагына алып кирип кеткен. Жарым сааттан кийин кыргызстандык Ак-Сайга кайтарылган.

«Тажикстандын жараны кыргызстандык бала ага таандык экскаватордун терезесин сындырган деп айыптаган», — деп айтылат чек ара кызматынын маалыматында.

Бала чочуп калгандыктан облустук ооруканага жаткырылганын, анын абалы «жакшы» болгонун «Азаттык» билдирет.

Аталган окуяга нааразы болгон 60ка чукул Ак-Сайдын жашоочусу айылдын борборунда чогулуп, анклавга алып барчу Исфара — Ворух жолун жапкан. Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын телефондук сүйлөшүүлөрүнөн кийин абал жөнгө салынган.

Баткен облустук милициясынын башчысы Аскарбек Аширалиев Тажикстандын милициясы кыргызстандык баланы алып кирип кеткен Ворух анклавынын тургунун кармаганын билдирди.

Кыргызстандын чек ара кызматы учурда жолдор ачык, абал туруктуу болгонун маалымдайт.

Тажик тараптын версиясы

Тажикстандын «Азия Плюс» басылмасы Ворухтун администрациясына шилтеме берүү менен чырды Ак-Сай айылындагылар баштаганын жазып чыкты.

«Алгач алардын балдары сайдан шагыл ташып жаткан биздин тракторлорго таш менен ура башташты. Кийин балдарга чоңдор да кошулушту. Андан соң Исфарадан Ворухту көздөй бараткан жеңил унааларга, анын ичинде жүргүнчү ташыган таксилерге таш ыргытууга өтүштү», — деп билдирди «Азия Плюстун» маектеши.

Анын айтымында, тургундардын таш ыргытуусунан улам Ворухтун жашоочулары «кырсык болуп кетпеши үчүн» Исфара жолунан каттабай турушкан. «Ворухтун жолун жабышкан жок, бирок Ак-Сайдын жашоочулары колдоруна таш алып жолдун эки тарабына туруп алышты […] Бүгүн эрте менен жолдон унаалар өтө баштады, баары жакшы», — деди «Азия Плюстун» булагы.

Баткенде такталбаган кыргыз-тажик чек арасынын айынан жаңжалдар бат-баттан катталып турат. Акыркы жолку чыр 13-14 март күндөрү чыгып, андан үч кыргызстандык жарадар болуп, эки тажикстандык каза болгону айтылган.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы