«Борбор шаардын башкы байлыгы — таза аба». Жээнбеков Бишкектин «жашыл шаар» деген аталышын калыбына келтирүүнү тапшырды

Азиз Суракматов жана Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкектин мэри Азиз Суракматов 23-апрелде жаңы сейилбактын капсуласын куюшту.

Жээнбеков Бишкек дайыма өзүнүн бак-дарактары жана тазалыгы менен белгилүү болуп, «жашыл шаар» деп аталып жүргөнүн билдирди.

«Биздин өлкөнүн борбор шаарынын башкы байлыгы таза аба жана жакшы экология болушу керек. Жаңы парктарды салуу, шаарды жашылдандыруу жана экология жарандардын жашоосу учүн баарынан маанилүү», — деп билдирди мамлекет башчысы.

Келечектеги сейилбак 10 гектарды ээлеп, анын ачылышы 2019-жылдын 31-августуна мерчемделүүдө.

Бишкекте бак-дарактарды кыюу

Шаар тургундары менен экологдор бир нече жолу бактардын кыйылышына каршы чыгышып, бийликтен шаарды жашылдандырууну талап кылышкан. Шаардыктарды Бишкектеги кара түтүн маселеси да кабатырлантат. Айрыкча ал кышкысын абдан байкалат.

Бийлик тыгын маселесин чечүү жана жолдорду кеңейтүү үчүн бак-дарактарды кыюуда. Бирок ошол эле учурда айрым жерлерде унаа токтотуу үчүн өзүнчө жайлар каралбай келет.

Ошондой эле мэрия Каракөл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бакчанын бир бөлүгүн кыюуну пландап, бирок коомчулуктун нааразылыгынан улам бул оюнан баш тарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: