Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды

Айсулуу Тыныбекова. Сүрөт: United World Wrestling

Кыргыз спортчусу Айсулуу Тыныбекова Кытайда өтүп жаткан кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утуп алды. Ал 62 килограмм салмак категориясында күч сынашып, финалда жапониялык балбан Юкако Каваини жеңди.

Алгач салгылашууда жапониялык балбан Тыныбекованы упай боюнча утуп жаткан, бирок күрөштүн акыркы секунддарында кыргыз спортчусу Каваини кармап туруп матка ыргыткан. Судьялар жеңишти Тыныбекова берип, ал 8:6 эсебинде уткан.

https://twitter.com/wrestling/status/1121760320974917632

Чейрек финалда Тыныбекова Өзбекстандын спортчусу Набира Эсенбаеваны утуп, ал эми жарым финалда таиланддык Салини Срисомбатты 8:0 эсебинде жеңген.

2016-2017-жылдардагы күрөш боюнча Азия чемпионаттарында да Тыныбекова алтын медалдарга татыган. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында кыргыз балбаны күмүш медалын тагынган: финалда Тыныбекова монголиялык Оркхон Пуревдорж менен күч сынашып, утулуп калган.

Мындан тышкары, 2019-жылдагы күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын куржуну коло медал менен толукталган. Анда 68 килограмм салмак категориясында күч сынашкан Мээрим Жуманазарова Казакстандын спортчусу Ирина Казюлинаны утуп, коло медал тагынган.