Ысык-Көлдө уран казуу. Өкмөт «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакырткандыгы тууралуу бир тараптуу жооп берген жок

Таш-Булак уран кени. Сүрөт: Өкмөттүн басма сөз кызматы

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 25-апрелде өкмөт «ЮрАзия» компаниясынын лицензиясын чакыртып алды деп билдирген. Бул компания Ысык-Көл облусундагы Таш-Булак кенинде уран казуу иштерин жүргүзмөк.

«Уран кениндеги иштер токтотулду. Учурда "ЮрАзия" компаниясы чалгындоо иштерин да жасаган жок. Жер казынасын пайдалануу комитети компаниянын лицензиясын кайтарып алды. Эми алар эч кандай жумуштарды жүргүзө албайт», — деп билдирди Боронов.

«Клооптун» журналисттери лицензиянын чакыртып алынышын ырастоо үчүн Өнөр-жай мамкомитетине кайрылып көрүштү.

Бирок ал жактан 25-26-апрелде да «ЮрАзиядан» лицензия чакыртып алынганын тастыктап да, төгүндөп да беришкен жок.

«Иштердин токтотулушун тастыктап бере алабыз, бирок лицензия суроосу боюнча азыр эч нерсе айта албайбыз», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Өкмөттүн басма сөз кызматы 25-апрель күнү кечинде «“Кыргызстандагы ЮрАзия” ЖЧКсынын техникасы жана лицензиясынын аракети кайтарылды жана токтотулду» деген заголовок менен пресс-релиз чыгарган.

Бирок пресс-релиздин текстинин өзүндө лицензиянын чакыртылып алынышы тууралуу бир да сөз жок. Өкмөттүн билдирүүсүндө Боронов Таш-Булак уран кенине барып, бардык иштердин токтотулушу тууралуу чечим кантип аткарылып жатканын текшерген деп айтылат.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ведомстволор аралык комиссиянын чечими чыкканга дейре уран кенинде иштерди токтото турууну буйруган. Ал комиссия Таш-Булакта уран кенин иштетүү кооптуу же коопсуз экенин аныкташы керек эле.

«Учурда Өкмөт башчынын тапшырмасы боюнча уран кенинде бардык иштер токтотулган. Аталган кен боюнча экологиялык жана техникалык экспертизаларды эске алуу менен ведомстволор аралык комиссиянын иши жүргүзүлөт», – деп келтирет өкмөт Бороновдун айткандарын.

«ЮрАзия» компаниясындагылар эмне деп жатышат?

25-апрель күнү кечке маал лицензиянын чакыртып алынганы тууралуу «ЮрАзия» компаниясынын позициясын бери дегенде эки басылма жарыялаган — «Кактус» жана «Элгезит».

Кыргыз басылмаларынын жаңылыктары чыгып турган Newsline.kg лентасынан алынган скриншот

Компаниянын текстинде лицензияны өкмөт эмес, өкмөттүк комиссиянын корутундусун алганга чейин лицензияны компания өзү токтоткону айтылган.

«Кактус» басылмасында жаңылык биринчи «”ЮрАзия Кыргызстан”: Лицензияны эч ким чакырткан эмес. Вице-премьер-министр фактыларды жалгандап жатат» деген аталышта чыгып, андан кийин темасы «“ЮрАзия Кыргызстан": Лицензияны эч ким чакырткан эмес. Ал токтотулуп турат» деп өзгөргөн.

«Элгезит» «Кактус» басылмасына шилтеме берип, жаңылыктын текстин кайта жарыялаган. Кечки саат тогузга жакын эки басылма тең жаңылыктарын өчүрүп салган.

«ЮрАзия» компаниясынын башкы директору Светлана Менг «Азаттыктын» журналистине курган маегинде, лицензиянын чакыртылып алынышы жөнүндө комментарий бере албасын айткан.

«Мен буга комментарий бере албайм. Азыр ушундай кырдаал түзүп коюшкандыктан менде комментарий жок», — деди ал.

Ысык-Көлдө уран казуу

Өкмөттүн «ЮрАзиядан» лиценцияны чакыртып алганы тууралуу билдирүүсү Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы митингдердин шартында чыкты. Жергиликтүү тургундар Таш-Булак уран кенин казууга каршы эки жолу митингге чыгышкан. Ошондой эле Бишкекте да 26-апрель күнү митинг болуп өттү. Анда каршылык акциясына чыккандар өлкөнүн буткүл аймагында уран казууга тыюу салууну талап кылышты.

Алар жарандардын кол тамгаларын чогулткан резолюция түзүштү. Талаптар жазылган документтин бийликке берилүүсү пландалууда.

Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.