Бийлик «ЮрАзиянын» Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө лицензиясын чакыртып алган эмес, токтотуп койгон

Таш-Булак уран кени. Сүрөт: «Кактус» басылмасы

Өнөр-жай мамкомитети «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын Ысык-Көл облусундагы Таш-Булакта уран кенин иштетүүгө лицензиясын токтотту. Мурдараак вице-премьер Кубатбек Боронов өкмөт компаниянын лицензиясын чакыртып алды деп билдирген.

24.kg басылмасы Өнөр жай комитети «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын Таш-Булак уран кенин иштетүүгө лицензиясы токтотулгандыгы тууралуу билдирген ведомствонун катын жарыялаган.

Өнөр-жай мамкомитетинин басма сөз кызматы «Клоопко» документтин чындыгын тастыктады. «Лицензия “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын 26-беренесинин негизинде токтотулду», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Документте лицензияны токтотуунун себептери да, анын мөөнөтү да көрсөтүлгөн эмес. «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамдын 26-беренесине ылайык, лицензия ар кандай себептер боюнча үч айга токтотулушу мүмкүн, мисалы, экологиялык жана коопсуздук талаптары бузулганда же болбосо аткарылган жумуштар жөнүндө отчёт берилбегенде.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт компаниянын лицензиясын чакыртып алган деп айткан. Ошол эле күнү өкмөттүн басма сөз кызматы «“Кыргызстандагы ЮрАзия” ЖЧКсынын техникасы жана лицензиясынын аракети кайтарылды жана токтотулду» деген заголовок менен пресс-релиз чыгарган.

Бирок пресс-релиздин текстинин өзүндө лицензиянын чакыртылып алынышы тууралуу бир да сөз жок. Өкмөттүн билдирүүсүндө Боронов Таш-Булак уран кенине барып, бардык иштердин токтотулушу тууралуу чечим кантип аткарылып жатканын текшерген деп айтылат.

Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев ведомстволор аралык комиссиянын чечими чыкканга дейре уран кенинде иштерди токтото турууну буйруган. Ал комиссия Таш-Булакта уран кенин иштетүү кооптуу же коопсуз экенин аныкташы керек. Бирок комиссия канча убакыт иштээри азырынча белгисиз.

Мунун баары Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы митингдердин шартында болууда. Уран казууга каршы онлайн петиция 29 миңден ашуун кол топтогон.

Муну менен кошо парламенттин депутаттары уран казууга мораторий киргизүү боюнча эки мыйзам долбоорун демилгелешкен. Алардын бирөөсү өлкө боюнча 2070-жылга чейин уран казууга мораторий киргизүүнү шарттайт, ал эми экинчиси 20 жылга тыюу салып, Ысык-Көл облусу менен гана чектелет.