«Сен менин эргүүмсүң, Ровач». Түркмөнстандын президенти жакшы көргөн аргымагына ыр арнады

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана анын небереси Керимгулы. Скриншот: «Хроники Туркменистана»

Түркмөнстанда 27-апрелде түркмөн тукумундагы жылкы — ахалтеке аргымагынын улуттук майрамы белгиленди.

«Хроники Турменистана» басылмасы билдиргендей, бул окуянын урматына Ашхабаддын башкы ат майданында концерттер, көргөзмөлөр жана ошондой эле спорт мелдештери өткөн. Өлкө президенти Гурбангулы Бердымухамедовго бул күнү сегиз ахалтеке тукумунун аргымагын белекке беришкен.

Ошондой эле президент Бердымухамедов өз небереси Керимгулы менен бирге жакшы көргөн Ровач аттуу аргымагына арнап ыр ырдады.