Жогорку сот Садыр Жапаровдун абак мөөнөтүн бир жарым жылга кыскартты

Садыр Жапаров. Сүрөт: «АКИпресс» басылмасы

Жогорку соттун судьялары 30-апрелде парламенттин экс-депутат Садыр Жапаровдун ишин кайра карап чыгышты. Жогорку сот аны адамды барымтага алуу боюнча кайрадан күнөөлүү деп таап, анын абак мөөнөтүн 11,5 жылдан 10 жылга кыскартты.

Жапаровдун жаза мөөнөтүн кыскартууну мамайыптоо суранган. Бул сот залында отургандардын нааразылыгын жараткан.

«Сиз анын күнөөсүн далилдей алган жоксуз да, эми болсо мөөнөтүн сактоону талап кылып жатасыз», — деп билдиришти Жапаровдун туугандары сотто.

Суд по делу Садыра Жапарова

Posted by Azattyk Media on Tuesday, April 30, 2019
Жапаровдун иши боюнча сот отурумунун видеосу

Жогорку сот Жапаровдун ишин 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген жаңы Кылмыш-Жазык кодексинин айынан кайра караган.

Саясатчы Садыр Жапаров 2017-жылы март айында кармалган. Анда УКМК Жапаровду 2013-жылы Ысык-Көлдө Кумтөрдү улутташтыруу үчүн митингди каржылаган деп айыптаган.

Атайын кызмат ага бир нече кылмышты таккан — «Өлтүрөм деп коркутуу», «Барымтага алуу», «Бейбаштык», «Бийликтин өкүлүнө зомбулук көрсөтүү».

УКМКнын версиясы боюнча, 2013-жылы Жапаров Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алгыла деп митингчилерге буйрук берген.

Жыйынтыгында Жапаровду Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деген айыбы менен «Барымтага алуу» беренеси боюнча соттошкон.

Бирок соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө Каптагаев өзү Жапаровго карата дооматы жана анын күнөөсү жок экенин айткан. Бирок буга карабастан оппозициячыл саясатчы 11,5 жылга эркинен ажыратылган. Каптагаев соттун чечимине даттанган, бирок мындан майнап чыккан эмес.