«Кырк Чоро» феминисттер менен ЛГБТ коомунун мүчөлөрүнө кол салды. Милиция тергөө иштерин баштады

Материал 18:29да жаңыртылды.

1-майда феминисттер жана ЛГБТ коомунун өкүлдөрү кирген «8/365» укук коргоо кыймылынын мүчөлөрүнө эки жолу кол салуу болгон.

Биринчи кол салуу «8/365» кыймылынын өкүлдөрү Бишкектин батышындагы «Сельмашевец» стадионунун районуна эс алууга чогулушканда орун алган. Активист Надира Масюмованын айтымында, 10-12ге чукул адам минивэн менен келип андан «Гейлерди каяктан сабаса болот?» деп сурашкан.

«Биз милиционерге алар бизди коргошобу деген суроо менен бардык, а алар болсо эч нерсе көрүшпөптүр: мишаналарды да, адамдарды да», — деди ал.

Масюмованын айтымында, алар жаңжал чыгып кетпеши үчүн ал жактан кетүүнү чечишкен, бирок ушул маалда кишилердин бирөөсү алардын жолун тороп, автоунаанын капотуна секирген.

«Ал чыгып бараткан жолду тороп, андан кийин таш алуу үчүн артка басты. Милиция да муну көргөн, бирок алар тараптан эч кандай реакция болгон жок», — деп айтып берди ал.

Автоунаанын жолун тороого аракет кылган киши. Сүрөт: Kaktus.Media

Экинчи кол салуу Бишкектин түштүк жагындагы Жеңиш паркынын аймагында жүз берген. «Кырк Чоронун» өкүлдөрү активисттерди жумуртка менен чапкылашкан. «Милиция көрүп туруп эч нерсе кылган жок. Азыр биз арыз жазуу үчүн РИИБге бара жатабыз», — деди Масюмова.

«Кырк Чоро» кыймылынын башчысы Замирбек Көчөрбаев «Клоопко» курган маегинде сейил бакта анын кыймылындагы 10-15 адам болгонун тастыктап, бирок зомбулук колдонулганын четке какты.

«Таш да, жумуртка менен да [алар] чабышкан жок. Алар ал жакка көрүү үчүн барышкан. Бизге ЛГБТ жана феминисттик топтор кандайдыр бир иш-чара уюштуруп жатышат деп WhatsAppтан маалымат жөнөтүштү. Биз Кыргызстанда мындай эс алууларга жана [ЛГБТ адамдардын] болушуна таптакыр тыюу салабыз», — деп билдирди ал.

«Кырк Чоро» «мыйзамдарды уруп да ойнобойт»

Көчөрбаев ошондой эле анын кыймылы «юридикалык корутундулар менен мыйзамды уруп да ойнобосун» жана келечекте ЛГБТ активисттерине каршы курал колдонулушун да четке какпасын билдирди.

«Биздин оюбузча, мындай адамдарды жумуртка жана таштар менен чабуу нормалдуу эле нерсе жана биз аягына чейин ушинтебиз. Балким мындан ары кандайдыр бир куралдарды да колдонобуз», — деп айтты ал.

«Клооптун» редакциясы түшүнгөндөй, «Кырк Чоро» тарабынын мындай коркутууларды ишке ашыруусу — мыйзамсыз жана кыймылдын мүчөлөрүнүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышына алып келиши мүмкүн. Өз кезегинде Кыргызстандын Конституциясы менен мыйзамдары тынчтык чогулуштарын өткөрүүгө тыюу салбайт, алтургай коргойт.

«Прецедент» компаниясынын юристи Эдил Эралиев «Кырк Чоронун» катышуучулары зомбулук колдонуу коркутуулары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылылышы мүмкүндүгүн, ал эми жумуртка жана таш менен чабуу үчүн майда бейбашчылык катары штрафка жыкса болоорун билдирди.

Кол салуу жана курал колдонуу тууралуу коркутууларга жооп ирээтинде Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы сотко чейинки териштирүү иштери башталды деп билдирди.

Милиция буга чейин «бир да укук бузуу фактысын каттабаганын, андан тышкары кандайдыр бир укукка каршы аракеттер катталбагынын» айтышкан эле.