Казакстанда полиция таза президенттик шайлоо үчүн митингдердин айынан 80 адамды кармады

Полиция Алматада митингчини кармоодо. Сүрөт: Петр Троценко / RFE / RL

Казакстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, полиция Нур-Султан менен Алматада «коомдук тартипти бузгандыгы» үчүн 80 митингчини 1-майда кармаган.

Казакстандын ИИМинин маалыматына ылайык, митингдин катышуучуларына «өздөрүнүн коомдук позициялары менен пикирлерин ээн-эркин жана ачык айтууга» мүмкүнчүлүк берилген.

«Бирок Нур-Султан менен Алмата шаарларында өзүнчө чогулгандар өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөн, тыюу салынган “КДТ” экстремисттик уюмунун ураандарын кыйкырууга жол беришкен, коомдук тартиптерди бузушкан», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

«КДТ» — бул «Казакстандын демократиялык тандоосу» кыймылы. Аны 2017-жылы мурдагы банкир жана оппозиционер Мухтар Аблязов негиздеген. Азыр ал чет өлкөдө жашайт. 2018-жылы Казакстандын бийлиги «КДТны» экстремисттик уюм деп жарыялаган.

Нааразычылык акциялары 1-майда Нур-Султан, Алмата, Семей, Караганда жана Актөбөдө болуп өткөн. Жүздөгөн адамдар митингге таза президенттик шайлоо өткөрүү ураан чакырыктары менен чыгышкан.

Казакстандыктар Алмата шаарындагы Борбордук сейил бактагы митингде. Сүрөт: Манас Кайыртай RFE / RL

Митингчилердин бир бөлүгү 9-июнда Казакстанда өтө турган президенттик шайлоону бойкоттоого чакырышкан. Нааразылык акциясына чыккандар алардын добуштары шайлоодо эсепке алынбай калышы ыктымал деп айтышкан.

Митингдерге прокурорлор, полиция жана спецназ келишкен. Алар нааразычылык акциялары шаар бийликтери менен макулдашылбагандыктан, митингчилерден таркап кетүүнү суранышкан.

Казакстандагы нааразылык акциялары 9-юнда өтө турган президенттик шайлоого даярдыктарды көрүүнүн шартында өтүүдө.

Өлкөнү эгемендик алган күндөн тарта башкарган алмашкыс президент Нурсултан Назарбаев отставкага кетип жаткандыгы тууралуу 19-мартта жарыялаган. Ал эми анын ордуна парламенттин спикери Касым-Жомарт Токаев келген.

Назарбаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектеп калды, ал эми анын кызы Дарига Назарбаева өлкөнүн сенатынын башчысы болуп дайындалган. «Нур Отан» партиясы президенттик кызматка Касым-Жоомарт Токаевдин талапкерлигин көрсөткөн.