Башкы прокуратура Юстиция министрлигинин базасында КСДПнын төрагасы алмаштырылганы боюнча Атамбаевдин арызын карайт

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Юстиция министрлигинин кызмат адамдарынын үстүнөн жазган арызын кылмыштардын бирдиктүү реестрине каттады.

Башкы прокуратурага кайрылууга ведомствонун маалыматтар базасынан Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын жетекчилиги тууралуу маалыматтын өзгөрүшү себеп болгон.

КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбековдун айтымында, Атамбаев арызды 20-апрелде эле жазып койгон, бирок аны 17 күн өткөн соң гана каттташкан.

Прокуратура «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмалоо» беренелери боюнча териштирүү иштерин баштады.

«Биз юстиция министрлигине ушундай болуп кетиши мүмкүндүгүн айтып, үч жолу эскерткенбиз, бирок алар жетекчибиз менен дарегибизди бизге айтпай эле алмаштырып коюшуптур. Бул мыйзамсыз», — деди Касымбеков.

Атамбаев Юстиция министрлигинин маалымат базасындагы КСДПнын жетекчилигинен 18-апрелде жоголуп кеткен — анын ордуна бул кызматка «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын лидери Сагынбек Абдрахманов жазылган. Ошондой эле Абдрахманов Атамбаевден өзүнө партиянын уставын, мөөрүн жана кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн өткөрүп берүүнү талап кылган.

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылы экс-президент Алмазбек Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун араздашуусунун шартында 2018-жылдын ортосунда пайда болгон. Кыймылдын 3-апрелдеги съездинде Абдрахманов партиянын төрагасы болуп шайланган.

Азыр өлкөнүн эң чоң партиясы бир нече бөлүккө ыдырап кеткен. КСДП өзүн учурдагы бийликтин оппозициясы деп жарыялаган, бирок фракциядагы депутаттардын көпчүлүгү Жээнбековду колдошот.

ТЕМА БОЮНЧА: Өлкөнүн башкы партиясындагы революция: КСДПда эмнелер болгон жана өйдө жакта эми ким турат?