Бишкекте ЖКККББнын аты кайгуул милициясы деп өзгөртүлөт. Бул ирет бешинчи жолу

Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдиргендей, ведомствонун аты Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгына (МККБ) алмаштырылды.

Азырынча жаңы ведомство пилоттук долбоор катары Бишкекте гана түзүзөт — ага конкурстук негизде ЖКККББнын учурда иштеп жаткан кызматкерлерин кошуп 871 кызматкер тандалып алынат.

ЖКККББнын басма сөз катчысы Тилек Исаев мындай реформа кайгуул милициянын «ишмердигин жакшыртышы» керек деп «Клоопко» айтып берди.

«Жаңы кызмат таптакыр башкача болот, эгер мурда алар жол кыймылын гана көзөмөлдөп келишкен болсо, эми алардын ыйгарым укуктары кеңейтилет. Алар кылмыштардын бетин ачып, калкка жардам көрсөтө алышат, 102 линиясында иштеп, жалпысынан коопсуздукту камсыздай алышат», — деди Исаев.

Бул кайгуул милицияны реформалоонун бешинчи аракети. Акыркы жолу ведомствонун атын 2017-жылы ошол маалдагы премьер-министр Сапар Исаков өзгөрткөн. Анда ведомство Кайгуул милициянын башкы башкармалыгынан (КМББ) Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоонун башкы башкармалыгына (ЖКККББ) өзгөргөн.

Ага чейин мекеме ар башка убакта Кайгуул посттук кызматы (КПК), Жол кайгуул кызматы (ЖКК), Мамлекеттик авто инспекциясы (МАИ), Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖККББ) деген аттарга ээ болчу.