Видео: Ошто казинону тартуу учурунда журналисттерге күзөтчүлөр кол салышты

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков менен «Нур ТВ» телеканалынын кабарчысы Даткабек Шабданбековго кол салуу 13-майда Ош шаарындагы «Делюкс» мейманканасынын жанында болду. Журналисттер ал жакка мейманканада жайгашкан жер астындагы кумаркананы тартуу үчүн барышкан.

Шабданбековдун «Клоопко» маалымдашынча, аны кумаркананын күзөтчүсү эки колун кайрып, смартфонун тартып алып видеотартымдарды өчүрүп салган.

«Видеодо казиного 350 миң сомун алдырып жиберген жарандын интервьюсу бар болчу. Милицияга арыз жазбайм. Олуттуу жаракат алган жокмун», — деди Шабданбеков.

Только что на журналиста Ыдырыса Исакова напали при попытке видеосъемки подпольного казино в Оше. Отец жертвы жалуется, что сын-игроман проиграл уже 5 автомашин и еще много денег остался должен. @ydyrysisakov @Azattyk_Radiosu https://t.co/jKIYtnykab

Posted by БеспределKG on Sunday, May 12, 2019

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаков түз эфирге чыгып жаткан учурда ага да эки күзөтчү келип, сьемкага тоскоолдук жаратышкан.

«Колумду кайрып, муунтушту. Костюмум айрылып кетти. Азыр абалым жакшы» — дейт Исаков.

Журналисттер кумарканага барып ойноп утулуп жүргөн жарандын атасынын кайрылуусунан улам барышкан. Анын сөзү боюнча, уулу буга чейин үч бөлмөлүү батирин, алты автоунаасын уттуруп койгон. Алардын үй-бүлөсү азыр карызга белчесинен баткан.

«Мен эмне кылышты билбейм. Көчөдө калдым. Биз бул тууралуу билген эмес болчубуз. Көрсө бул үч-төрт жылдан бери ойноп жүрүптүр», — дейт уттурган баланын атасы.

«Клоопко» милициядан билдиришкендей, журналисттерге кол көтөргөн күзөтчүлөрдүн үстүнөн иликтөө башталган.

«Эки күзөтчү азыр Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинди», — деди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Абсаттар Тавакалов.

Кыргызстанда казиного 2012-жылы тыюу салынган. Арадан үч жыл өткөн соң, тагыраагы 2015-жылы өлкөдө букмекер контораларынын да ишмердигине да тыюу салынган.

Бирок ага карабастан өлкөдө көмүскө кумарканалар иштеп келет. Көпчүлүк учурда алар интернет-клуб же оюн зоок имараттары катары катталат.