ЖМК: Батукаевдин иши боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева кармалды

Динара Сагынбаева. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаеванын кармалышы тууралуу 15-майда өз булактарына таянып «АКИпресс» басылмасы жазып чыкты. Kaktus.Media басылмасы да өз булактарына таянып, экс-министр Бишкек шаарынын БИИБинин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилгенин билдирди.

Укук коргоо органдарынын өзүнөн бул маалыматты азырынча тастыкташа элек.

Мурдараак Сагынбаева 2013-жылы абактан чыгарылган кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушу иши боюнча милицияга суракка чакырылган.

Батукаевдин абактан бошотулушуна дарыгерлердин ага кан лейкозу диагнозун койгондору себеп болгон. Мындан кийин медициналык корутунду жасалма экендиги белгилүү болгон, бирок Батукаев өлкөдөн чыгып кетүүгө жетишкен.

2019-жылдын май айында Кыргызстандын бийлиги Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча тергөөнү жандандырган. Бул иш боюнча бир нече дарыгерлер кармалган.

Динара Сагынбаева президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда эки жолу саламаттык сактоо министринин кызматын аркалаган.