Жээнбеков экс-президенттерди кол тийбестиктен ажырата турган мыйзамга кол койду

Сооронбай Жээнбеков. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков 16-май күнү экс-президенттен кол тийбестикти алуу тууралуу мыйзам долбооруна кол койду.

Мыйзам долбооруна ылайык, экс-президент эгер башкы прокурор аны мамлекет башчы болуп турганда кылмыш кылган деп айып тагып, ал эми парламент башкы прокурордун айыбын колдой турган болсо ал өзүнүн макамынан жана кол тийбестигинен ажырап калышы мүмкүн. Андан кийин мурдагы өлкө башчысын кылмыш жоопкерчилигине тарта алышат.

Мындан тышкары, экс-президентке өзүнүн президенттик мөөнөтү аяктаган соң саясий ишмердик кылууга же мамлекеттик кызматтарды ээлөөгө тыюу салынат. Антпесе, аны өмүрүнүн аягына чейинки мамлекеттик материалдык колдоодон ажыратып коюшу мүмкүн.

Кыргызстанда экс-президент деген макамды алып жүргөн эки адам бар: Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев. Ал эми буларга чейинки мурдагы эки президент Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев 2005 жана 2010-жылдардагы революциядан кийин бул макамдан ажыратылышкан.

Мыйзамды экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында кабыл алышты.

ТЕМА БОЮНЧА: Парламент экс-президенттен кол тийбестикти алуу жөнүндө мыйзам долбоорун биротоло жактырды